Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шевченко атаандашын пюредей ийледи

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный университет Кыргызстана
Международный университет Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш күнүбүздүн башталышы көңүлдүү жана куунак болсун.

Шевченко атаандашынын айласын кетирди. Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко венесуэлалык атаандашы Жулианна Пеньяны экинчи раундда колун кайрып туруп утуп алды. Беттешке чейин Пенья Шевченкону пюредей эзем деп оозун көптүрүп сүйлөдү эле. Жердешибиз болсо беттештен кийин берген маегинде оюнда бир гана жеңиш болгонун, башкаларга окшоп оозу менен орок орбой, бардыгын рингде көрсөтө турганын айтты

Кыргызстанга суктанган Болливуд. Индиянын кинолорун көргөндө бир жыргайсың дейсиң. Себеби, чаба электе кишилер кулап, үйлөп койсо учуп кетишет эмеспи. Эмнеге ушундай көрүнүштөр көп экенин индиялык режиссер Амит Ар Агарвал айтып берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБолливуд жылдызы: кыргызстандыктардын жанга жагымдуулугуна баа бердим
Режиссер, продюсер, кино-маркетолог из Болливуда Амит Ар Агарвал и Кыргсзстанский режиссер Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Болливуд жылдызы: кыргызстандыктардын жанга жагымдуулугуна баа бердим

Тазалыкты сакта! Бишкектин тазалыгын караган "тазалыкчылардын" жинин эмне кашайтарын билесизби? Алар жаңы эле шыпырып, жыйнап кеткен жерге таштанды ыргыткан — "мырктар". Ошондойлордон болбойм десеңиз, бул материалды сөзсүз окуңуз.

Абайла. Сактыкта кордук жок дегендей ӨКМ алдын ала эскертип жатат. Тоолуу аймактардагы кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон жерлерди картадан көрсөтүп бердик. Жолго чыгар алдында бир карап алсаңыз ашыктык кылбайт. 

Трамптын жоругу жаккан жок. Американын президенти Дональд Трамп кызматка киришери менен эле бир нече мыйзамдарга кол коюуга үлгүрдү. Алардын катарында сырттан келген мигранттарды кодулаган жарлык дагы бар. Мына ушул документке каршылыгын АКШнын эң ири компанияларынын өкүлдөрү билдирди. Деги аманчылык болсунчу.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.82 (сатып алуу) жана 69.18 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Алган колдон берген кол жогору турат дегендей кайрымдуулукту дагы унутпайлы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0