Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот

Жазылуу
Убакыт баарын дарылайт дегендей башка түшкөн мүшкүлдү убакыттын өтүшү менен жеңели.

Ак халатчандар Дача айылына кулап түшкөн жерде иштеп, жабыркагандарга жардам берүүдө. Кайрылгандардын көбү балдар. Доктурлар наристелердин абдан коркуп калганын айтышууда.

Коопсуздук баарынан жогору. Дача айылына кулаган учак аэропортко жакын жайгашкан айылдардын кооптуулук маселеси бар экенин таасын көрсөттү. Кыргызстандын башка аймактарындагы аэропортко жакын жайгашкан айылдар тууралуу бул жактан окуңуздар

Көп түкүрсө көл болот. Башкалардын кайгысына кайдыгер карабаган жарандар жардам берип эки күндө 4,5 миллиондон ашык сом чогулду. Андан сырткары, өлкөдөгү адвокаттар дагы жабыркагандарга укуктук жактан бекер жардам берүүгө даяр экенин айтышты. Мындай оор күндө кол сунуп жардам берген кишилерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Нерв оорусу ичтен жейт. Сөздүн күчү керемет экенин 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар невролог Темирбек Бекбоев дагы айтат. Ал ошондой эле кайсы кесиптин ээси кандай нерв ооруларына чалдыгарын, аялдар менен эркектер бир эле кандай кабыл алып, кандай кейий турганын айтып берди.

Жапайы жаныбарларды атпагыла… Жогорку Кеңештин депутаттары аңчылык департаментин жоюу керектигин айтты. Эл өкүлүнүн бул сунушу суу кечеби, анын кереги барбы деген суроого жооп издеп көрдүк.

© Фото / Елена ФедороваМеждународный турнир ММА на Ямале
Международный турнир ММА на Ямале - Sputnik Кыргызстан
Международный турнир ММА на Ямале

Жеңиш үчүн 25 секунд гана жетти. Кыргызстандык мушкер атаандашын 25 секундда эле жерге жаткыра койду. Эр жүрөк, тайманбас жигиттерибиздин саны көбөйө берсин.

Дүйнөдө не кеп. Өткөн аптада дүйнөдө эмне болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыздар

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.35 (сатып алуу) жана 69.61 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жакшылыктан үмүт кылып, кыргыз элинин аманчылыгын тилейли деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0