Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тогуз карышкыр менен кармашкан баатырдын баяны…

Жазылуу
Турмуштун ачуусу келсе түз эле чекеге коет. Кечээ күнү шахтанын урандысынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз.

Кырсык каш-кабактын ортосунда деген кеп жөн жерден айтылбаса керек. Кечээ күндөгүдөй эле ишине барган 17 жаштагы тургун үйүнө кайтпай калды. Он гүлүнүн бири ачылбай жатып, көр тириликтин артынан бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Элдин балдарындай болуп жаштыктын доорун сүрүп, оюндун омурткасын үзүп жүрсө болбойт беле? Кыз жандап, жолугушууга баргандын ордуна Сүлүктүдө көмүр казып, акча табуунун айласын издеп жүрүп көз жумду. Жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун.

Кырсык ушул менен чектелбей, түш ченде ошол эле шаардагы дагы бир шахтада көмүр урандылары көчүп, дагы бир кишини басып калганы боюнча маалымат тарады. Жараткандын бул пендеси да кечээ ишине барган бойдон үйүнө кайтпай калды

Кайгы менен кубаныч колтукташып жүрөт деген кеп жөн айтылбаса керек. Бишкектик доктурлар Чоң Алайда өлүм алдындагы кош бойлуу келинди сактап калышты. Жаңы төрөлгөн ымыркай үй-бүлөдөгү биринчи наристе экен. Келечеги кең болуп, алтын башы аман жүрсүн. 

Тогуз карышкыр тегеректеп келгенде мылтыгы от албай калган мергенчи менен карышкырлардын кармашын төмөнкү макаладан окуңуздар. Бактыга жараша, баатыр жигит аман калган.

Саатына батир берүүгө тыюу салуу — ыпластыкка бөгөтпү же туризмге соккубу? Коомчулуктагы кызуу талкууга жем таштаган мыйзамдын күңгөй-тескейи тууралуу кесиптешибиз Бегимай Бакашева иликтеп көрдү. 

Бишкекте болсо мас кишилер интернет клубдун күзөтчүлөрүнүн куралын тартып алып, из жашырган. Окуя тартылып калган видео бул жакта.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.42 (сатып алуу) жана 69.70 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Коендой сак, таш бакадай бекем бололу. 

Урматым менен Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0