Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таксилер таржымалы жана элчи баяны

Жазылуу
Жылмаюу бактылуулуктун эле эмес, күчтүүлүктүн да белгиси. Андыктан жылмаюу менен жаңылыктарды барактайбыз.

Кечээ күнү күнүмдүк жаңылыктардан сырткары кесиптештерибиз тарабынан чоң материалдар көп жазылды. Алардын бири Таалайгүл Усенбаеванын таксилер тууралуу жазганы. Эсиңиздерде болсо, буга чейин айрым депутаттар таксилердин көбү соттолгондугун айтышкан. Таксилерге кандай талаптар коюлган, кимдер иштей алат? Аталган суроолорго жоопту төмөнкү макаладан жооп алсаңыздар болот.

Россиянын Түркиядагы элчиси киши колдуу болгондугу дүйнөлүк коомчулукту ойго салып, катуу сынга алынды. Ушундан улам Абдыкерим Муратов "Элчи менен ырчыга өлүм жок эле го" деген ой толгоосун жазды. Мыкты материалды көз жаздымда калтырбаңыздар

© REUTERS / Ugur Kavas Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасын кайра октогуча качып кеттик
Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасын кайра октогуча качып кеттик

Ал эми Расул Усеналиев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, каргашалуу окуянын күбөсү Ибрагим Жунусов менен маектешип, кол салуунун чоо-жайын билип көрдү. Орус элчисин кантип өлтүргөндүгүн күбөнүн өзүнүн оозунан окуңуздар. 

Өзүң оорусаң да көп билинбейт. Чүрпөлөр "ө-хө" деп жөтөлүп койсо, жаныңды коёрго жер таппай калаарың турган иш. Журналист Гүлдана Талантбекова жаш балдардын психологиялык жана дене бой жактан өсүп-өнүгүүсүндө эмнелерге көңүл буруу маанилүү экендигин билип көрдү.

Медакадемияда окуу мөөнөтү узарышы мүмкүн деген кабарды сиздагы уктуңузбу? Окуянын чоо-жайы төмөнкү макалада

Ал эми президент Атамбаевдин Индияга болгон сапары, ал жактагы сыйы тууралуу видео бул жакта

Бүгүн Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.37 (сатып алуу) жана 69.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жан дүйнө сулуулугунда бырыш да, карылык да болбойт.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0