Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. ЖК "таркайт" делгенде жанган балаты

Жазылуу
Шеф редакторубуз айткандай, кандайсыңар, ледилер жана жентилмендер? Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

Бүгүн бизде өзгөчө маанай. Таң атпай кесиптештерибиз куттукташып, жакшы сөздөр айтылууда. Кеңсе шаңга толуп, кыраан каткырык. Анткени сүйүктүү эжекебиз, кыргыз редакциясынын ана башчысы Канышай Жаныбековнанын туулган күнү. Өздүк майрам менен куттуктайбыз! Темирдей бекем ден соолук, дайрадай узун өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Анан эме… жумушка келбей калган күнүңүз азыраак болсунчу. Сиз келбей калган күнү, бала кезде апабыз бир жакка кетип, үй караңгы, суук жана ач калгандай болобуз. Анан да мотору бузулган машинадай болуп, алдыга жылбай кыйналабыз. 

Жаркын маанайда жаңылыктарды барактоону баштайбыз! Ошентип жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Адаттагыдай эле шаар мэриясы майрамга кызуу камданууда. Ал эми кечээ күнү башкы балаты жанды. Аны биринчилерден болуп көрүүгө үлгүрүңүз. Расмий жарыктандыруу үч күндөн кийин болот.

Баса, бул балатыны балдар үйүнүн тарбиялануучулары да кооздошкон.

Жаңы жылдын алдында кайда барып, кантип эс алууну билбей жатсаңыз атайын программалар боюнча инфографиканы караңыз.

Кыска метраждуу тасмалар фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз. 

Жогорку Кеңештин келечеги кандай болот? Тарайбы же калабы? Аталган суроолорго жооп төмөнкү макалада. 

Бортинженердин кызыктуу маегин окугуңуз келсе, сизди бул жактан күтөбүз

Кыргызстандын аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет кызматы кабарлады. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.23 (сатып алуу) жана 69.36 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жаңы жыл жемиштүү жылдардан болсун. Жакшылыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0