14:12 26 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Ала-Тоо аянты. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Акысыз электр эсептегичтер Аксыда акчага коюлуп

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
19110

Жакшы жатып жай турдуңуздар деген үмүт менен өткөн күндү барактайбыз.

Алгач эле таланттуу кесиптешибиз Табылды Кадырбековдун эмгектерин сунуштайм. Жаандуу болгон декабрь айындагы кереметтүү көз ирмемдер бул жакта. Ооба, биздин кесиптешибиз чындыгында таланттуу жигит. Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги кереметтүү сүрөттөр дал ушул Табага таандык.

Ушунча болду, дагы бир таланттуу дизайнер кесиптешибиз Данил тууралуу да кеп кылбасак болбос. Бул жигиттин атагы алайга, даңкы далайга жеткен. Бул ирет кесиптешибиз Конституцияга киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөрдү инфографикага түшүрдү. Баары жөнөкөй жана кооз. Данилдин дагы бир эмгегин көрөм десеңиз, бул жакка баш багыңыз. Өлкөнүн башкы телемунарасы тууралуу инфографика.

Эгерде Sputnik менен биргеликте "Жамбы" тамагын жасайбыз десеңиз, даяр болуңуз. Тамакты жасоо ыкмасы бул жакта

(1:20 / 8.44Mb / )
© Sputnik / Эмиль Садыров , Екатерина Михайлова
Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Жамбы" тамагын жасайбыз

Аксы элинин кайрылуусу менен акысыз делген электр эсептегичтер тууралуу кененирээк макала жазылды. Мыйзамда даана "бекер" деп жазылган эсептегичтер кандай ыкма менен акчага сатылып жаткандыгы тууралуу "Калк чөнтөгүн каккан "акысыз" электр эсептегичтер. Бекердин атасы өлгөнбү?" материалынан окуңуздар

Баса, окумуштуулар жашоого оптимисттик көз караш менен карагандар көп жашай тургандыгын далилдешти. Андыктан ар бир күндөн ырахат алып, жашоого оптимисттик көз караш менен карайлы.

Бүгүн болсо Нарындан башка аймактарда күн жылуу болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.17 (сатып алуу) жана 69.28 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жакшы жаңылыктарды окуп, жамандыктан алыс болуңуздар. Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Белгилер:
валюта, аба ырайы, Бурадар