Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Алыкул акындын көзү, аялды сүйрөп өлтүргөн айдоочу

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильное движение в Бишкеке
Автомобильное движение в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышында жамгыр жаап, Бишкекте алашалбырт болуп турган чак. Жолдогу аң-чөнөктөргө толгон суулар кудум жазды элестет.

Алыкул Осмоновдун сүрөтү "жаңжал" жаратты. Айтылуу классик акын Алыкул Осмоновдун жаңы 200 сомго түшүрүлгөн сүрөтү социалдык тармакта катуу талкуу жаратты. Интернет колдонуучулар акын чалыр болуп калганын айтса, Улуттук банк жаңы акчаларга түшүрүлгөн сүрөттөр эч өзгөртүлбөгөнүн, болгону сүрөттүн түшүрүү ыкмасы жаңыртылганын айтты.

Аялды машинага сүйрөп өлтүрүп… Үрөй учурган окуя Ошто катталды. Анда мас абалындагы айдоочу эшикке колу кыпчылып калган аялды байкабай калып, аны сүйрөп кеткен. Кырсыктан улам 57 жаштагы аял каза тапкан.

Сасык тумоо тажатты. Бир нече жумадан бери жайылган сасык тумоо элдин мазесин алып, тажатты. Анын айынан Кыргызстан боюнча 161 мектеп жабылды. Бул аз келгенсип, былтыркыга караганда сасык тумоо менен ооругандардын саны былтыркыга караганда бир кыйла өстү. Эх, сасык тумоо сен таптакыр жакпай калдың, кетчи эртерээк.

Алматынын телефондору Бишкектен табылды. Алматы шаарынан уурдалган телефондор Бишкектен табылды. Азырынча шылуундар алып келген 104 гана телефон алынды.

"Жөн жүрбөгөн" депутаттар айлык албайт. Камакка алынган депутаттарга мындан ары айлык төлөнбөй турган болду. Эгер эл өкүлү акталып чыкса маяна берүү токтотулган күндөн тартып толугу менен төлөнүп берилет. 

Камбар-Ата ГЭСин караңызчы. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин ишке берилген алгачкы ГЭС асмандан укмуш көрүнөт экен. Курулуш иштери 1986-жылы башталган ГЭСтин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке киргизилген.

Кыргызстанда кайсы машина "авторитет". Кыргызстандыктар көбүнчө кандай түстөгү автоунааларга кызыгышат? Өлкөдө кандай автоунааларды көбүрөөк сатып алышат? Унааны сатуу үчүн канча убакыт кетет? Ар бир айдоочу менен тургунду кызыктырган суроонун жообу бул жакта

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с видео портала YouTube пользователя NOVA Live Band. Казахстанская рок-группа "Novaliveband"
Снимок с видео портала YouTube пользователя NOVA Live Band. Казахстанская рок-группа Novaliveband - Sputnik Кыргызстан
Снимок с видео портала YouTube пользователя NOVA Live Band. Казахстанская рок-группа "Novaliveband"

Ыйлаганда жашым өйдө агып… Акыркы учурда Instagram баракчасында атактуу болгон MC_doncha деген лакап ат менен белгилүү болгон Данияр Токтомамбетовдун "Слезы тикли вверх" ырын казак баурдастар ырдап чыгышты. Соонун ырдаптыр, арманда калбай бир карап койгула.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.17 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Кышында жааган жамгыр мага жаккан жок. Кыштын кыштай болгону жакшы эмеспи. Урматым менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0