Баса, сасык тумоого чалдыгып, эмне кыларыңызды билбей турсаңыз, адегенде эле эмне жасабаш керек экенин билип алыңызчы.
Кечээ күнү кудай жалгап кырсык, жаман окуялар болгон жок. Кошуна Өзбекстанда президенттик шайлоо өтсө, Кыргызстанда жети күндүк Манас айтуу аяктады. Айта кетчү жагдай, Sputnik Кыргызстан агенттиги күнү-түнү айтылган Манасты түз алып көрсөттү. Эми кененирээк токтололу.
Бизде шайлоо таңкы сезизде башталса, кошуналарда 06:00дө башталат экен. Эң кызыгы, таңкы сегизге 2 миллиондон ашуун шайлоочу катышып, түшкө жетпей шайлоо өттү деп жарыяланды. Анткени тиешелүү шайлоочулардын саны келген эле. Ошентип жалпы жыйынтык боюнча Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 87,83 пайызы (17,942 миллион киши) келди. Төрт талапкердин кимисине ийгилик жылмайгандыгын убакыт көрсөтөт. Азырынча бардык бюллетендер эсептелине элек.
Ал ортодо Бишкекте жети күндөн бери айтылып жаткан Манас айтуу иш-чарасы аяктап, филармонияда салтанаттуу түрдө Манас күнү белгиленди. Бул иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлер катышты.
Таң атпай ырчы Кайрат Примбердиевдин үйүнө ууру кирип, баалуу буюмдарын кымырып кетиптир. Айрымдар муну көрө албагандар жасады десе, башкалар адам жок калгансып желегибизди желбиреткен Кайраттын үйүн да тонойбу, тообо дешүүдө. Ырчынын өзү менен байланышканыбызда жакшы сапатта жазылган ырлары жана үй-бүлөлүк сүрөттөрү сакталган ноутбук табылса арманы жок экенин айтты.
Көптөн бери чыгармачылык менен алектенбей, бир аз сахнадан алыстай түшкөн Малика-Дина билек түрө ишке киришкен экен. Бир канча убакыттан бери интервью бербегендиктенби, айтор жакшы эле сырын төгүптүр. Ал материал бул жакта.
Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт. Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз.
Бүгүн өлкө аймагында кар жаай тургандыгын Кыргызгидрометтен билдиришти.
Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу) жана 69.23 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.
Соңку сөз ордуна. Ашказанды тойгузгон сыяктуу эле, рух казанды да тойгозгунда унутпаңыздар.
Урматым менен Исмаил Мамытов.