Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Күркүрөгөн күздөгү "баш кошуулар"…

Жазылуу
Тирүүлүктүн тирилиги уланып, кышка да кирип келдик. Тилегибиз жазга аман-эсен жетүү. Дегеним, бир аз кар жаады эле аз жерден атыбызды таппай кала жаздадык. Буюрса өткөндөн сабак алып, алдыга жылалы.

Кошулушуп эки жаш, баш кошуптур жар-жар… Кыргыздар илгертен той-ашты күздө өткөрүп келген. Анткени бул мезгилде ак төөнүн карды жарылып, кампа данга, дасторкон нанга толот. Элде токчулук болуп, жигиттер бойдокчулук менен коштошсо, кыздар турмушка чыгышкан. Бул күздө дагы баш кошкондордун саны арбын болуп, саясатта да түбөлүккө "кол кармашкандар" четтен чыгууда. Күздү колдон чыгарбайлы дегенби, айтор акыркы күнү Мадумаров, Ташиев, Келдибеков тандеми түзүлдү. Кызык, ач бала менен ток бала кантип ойноп калды экен?…

Ал эми саясий серепчи Табылды Акеровдун айтымында бул "баш кошуу" окемдер айтмакчы "брачный контракт" менен түзүлдү.А нткени булардын бир гана максаты бар. Ал — президенттик шайлоо. Маалымат жыйын учурунда Ахматбек Келдибеков "биз ажырашпайбыз" деп ачык эле айтты. Эмне дейбиз, түбөлүгүңөр түз болуп, кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

Баса, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын куруп, "көөп" нерселерди айтып берет. Буюрса кесиптештерибиз маалыматтарды онлайн жазып, "ысылуу" бойдон жеткирип турат. Жогорудагы тандем боюнча кеп болушу да толугу мүмкүн. 

Өлүмдү куру намыстан өйдө койгондо… Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, профессор, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов аксакалдын операциясына 85 миң табылбай, жаназасына 150 миң сом кеткенин айтып берди

Буга чейин Таш-Көмүр ГЭСин айланып гана өтүп кетсек, эми аны асмандан көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Чогуу көрөлү.

Бүгүн өлкө боюнча күн ачык болот.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.21 (сатып алуу) жана 69.98 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Табышкандар таалайлуу болгула, баш кошкондор бактылуу болгула. 

Таазим этүү менен Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0