Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Майрамың менен, студент!

Жазылуу
Майрамыңыздар куттуу болсун ардактуу студенттер. Мындан 70 жыл мурун Прагадагы Бүткүл дүйнөлүк студенттердин конгрессинде 17-ноябрь студенттик күн деп белгиленген. Мына ошондон тартып бул күн көпчүлүк жаштардын сүйүктүү майрамы катары белгиленип келет. Бүгүн да студенттер тайпалаштары менен кызуу майрамдашары талашсыз.

Андыктан майрам көңүлдүү улансын деген тилек менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

International SOS жана Control Risks эл аралык компаниясынын изилдөөчүлөрү 2017-жылдагы туристтерге коркунучтуу делген өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Борбор Азиядагы кооптуу делген өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери кирди. 

Ошто өзүн "өлдү" деп жалган документ даярдап, Кара-Сууда мүрзөгө өзүнө эстелик койдурган киши изделип жатат. Кененирээк төмөнкү макалада

Ал эми Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тургундары Көк-бел суусуна узундугу 12 метрди түзгөн көпүрө курду.

Ал ортодо Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева алдыдагы жасала турган иштери тууралуу президентке маалымат берди.

Кечке жуук кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылды.

Эмне себептен жабылгандыгын билгиңиз келсе, бул жактан күтөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области
Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области

Кечээ күнү мындан сырткары Токтогул ГЭСиндеги сүрөттөр тартууланды. Ал сүрөттөр бул жакта

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Москва шаарына барды. Жыйынга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышат. 

Бүгүн өзүңүздөр байкап тургандай кар жаайт

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.17 (сатып алуу) жана 69.32 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35,50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Эшиктеги ак кар менен жан дүйнөбүз тазарсын. 

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0