Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Салам, ноябрь! "Турук" көмүрү, "аный" деген Ата-Мекен

Жазылуу
Бүгүн күнгө шейшемби, арыбаңыз замандаш. Күнүңүз куунак болсун!

Бүгүн күндүз өлкөнүн бардык аймактарында аба ырайы нөлдөн жогору болорун Кыргызгидромет билдирди. Ошентип күздүн соңку айы бизди мелүүн температура менен тосуп алды. 

Саясат жыттанган күз менен кыш. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын "КРдеги референдум жөнүндө" мыйзамына кол койду. Мыйзамды депутаттар 26-октябрда парламентте кабыл алып, ажого жөнөткөн. 

Саясатташкан көмүр. Саясат демекчи, Ак-Талаада элдин бир тобу көмүр көйгөйүнөн улам чуулдап, "Турук кени эле туура болчу" деп митингге чыкты. Бир катары көмүр жок, кымбат дешсе, акимчилик кампаларда көмүр турат деген маалымат берди. Элдин арасынан көмүр да саясатташып кетти деп чырылдагандар да болду. 

Кечээ кечинде "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мырза Жаманбаев кара алтындын таңкыстыгы жоюлуп баштаганын кабарлады. 

Кан узатпайт. Ысык-Көл облусунда мугалим кызды бычактады деп шектелип кармалган жаран эки айга камакка алынды

Аксакал партия… аный деди. Бишкек шаардык кеңеши үчүн өтө турган шайлоого катышууга 14 партия арызын берген. Алгач 15 болуп, баары тиешелүү процедуралардан өтүп, күрөөгө 50 миң сомдон төлөшкөн. Бирок эмнегедир эң аксакал партия "Ата-Мекен" шаардык кеңештин шайлоосуна барбай турганын айтты. Аталган партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов бийлик административдик күчтү колдонуп, биздин талапкерлерге кысым көрсөтүп жатат деген пикирин айтты. Ал ортодо "Замандаш" партиясы да арызын кайтарып алганы белгилүү болду. Ошентип жарышка 13 партия түшмөй болду.

Айтмакчы, эсеп-кысап менен шугулдангандардын эсине! 7-ноябрынан баштап эсеп-фактуралардын кагаз бланктары жокко чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Жаңы депутат келди. КСДПдан Мээрбек Мискенбаев мандатын тапшырып, орудна Нурмахаммат Баяхунов аттуу эл өкүлү келди

Милиция, ажо жана куттуктоо. Президент Атамбаев милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземине катышып жатып, катарындагы "айбандарга" карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек деген билдирүү жасады. 

Жакшы адамдардын бары кандай сонун! Биздин сайттан ич кийимчен эркек менен шөлбүрөп суу болгон кыздын сүрөтүн көрсөңүз, таңгалбаңыз. Алар бири ажалдан калган тажик кызы менен өмүрүн тобокелге салып сууга секирип алып чыккан баткендик Абдисатар Садыков байке. Бул жакшынакай жаңылык бул жерде.

Кырсык — каш-кабактын ортосунда. Казактын ээн талаасында кырсыктаган кыргыздарга өзбекстандык жигит жардам бериптир, Кудай жалгап адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Эрте же эртең чыгыңыз. 2-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян келсе, эртеси ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт. 2-3-ноябрда Бишкектеги кайсы көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилерин бул жерден карасаңыз болот.

Иий, бир сонун! Дүйнө тасмаларындагы мыкты музыкалар кыргыз оркестринин аткаруусундагы чыгармаларды бул жерден көрүү мүмкүнчүлүгү бар

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.75 (сатып алуу) жана 68.87 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Ноябрь айыбыз жемиштүү болсун! Урматым менен, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0