Амансызбы, бурадар? Саат 10:15. Редакциядагы көз сынаш, өчөйгөн өкмөт, кандуу кат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш? Бүгүн күнгө бейшемби.

Күн биздин редакцияда кимдин көзү алыстан жакшы көрөт деген "дилеммадан" башталды. Баарына медиаметрикс "күнөөлүү". Көзүбүздү ачып-жуумп, болушунча тигилдик. Тамгаларды тааныйбыз деп ызылдагандардын ичинен шеф-редактор Эрнистин эле көзү бүркүттөй көрөт экен… Башкаларды билбейм, жок дегенде алыстан жарым-жартылай көрөм деген мен көз айнегимди кийдим да, кымыйган тейде "Бурадарга" отуруп калдым. 

Бул эми бир аз лирикалык чегинүү болду…

Бүгүнкү аба ырайы боюнча кулакдар кылып койсок… Синоптиктер бүгүн Ысык-Көл аймагынан башкар жерлерде күндүн көзү ачык болорун билдиришти. Салкын аба ырайы сакталганы менен күндүн табы аз да болсо көтөрүлөт дешти.

Ымалабыз ылайым ысысын! Кечээ Ош тараптын жаңылыктарына улам-улам баарыбыз эле көз салып турсак керек. "Достуктан" Өзбекстандан келген делегацияны кучак жайып тосуп алышты. Бул эки тараптын солгундап турган ар тараптуу мамилесин жакшыртып, ымаланы ысытабыз деген экинчи кадам. Ылайым ошондой болсун!

Өмүрүн берсин! Кыргызстандык жаш гимнаст Эдел Касенова Санкт-Петербургда өткөн эл аралык мелдеште алтын утуп алды. Бул кичинекей спортчунун алгачкы медалы эмес. 

Жоголгон кыз табылды! Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Айпери аттуу кыз Казакстандан аман-эсен табылганын анын атасын Сүймөнкул Эржанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Жүрөк титиреткен окуя. Бул теманы улай, 9-класстын окуучусу Шерзаттын жүрөк эзген окуясы эстен кетпей турат. Үйүндө асылып калган жеринен 23-октябрь күнү атасы Талант Алимбеков чечип алган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкени менен, тилекке каршы, бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Анан да жазып кеткен коштошуу каты кан жыттанып, ата-энесин карайлатып турган чагы

Тушоосу кесилбеген өкмөт, жашында жайраган коалиция. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү таратуу боюнча Жарлыкка кол койду. Андан саналуу сааттар мурда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы расмий түрдө тараганын жар салган. Эми өкмөт мүчөлөрү өчөйүп "и.о." статусунда калышты.

Укук кайрадан КСДПда. Көп өтпөй эле президент Атамбаев КСДП лидерин чакырып, ага жаңы коалиция түзүү мандатын тапшырып берди. Эмкисине кимиси кирерин божомолдоп жатабыз… байкап туралычы

Чикагодогу кыкеңдер азамат! Алыстагылардан жакшы кабар. Океандын ары жагындагы Чикаго шаарында кыргыз маданий борбору ачылды. Америкада жүрсөк да, балдарыбыз кыргыз бойдон калсын дешиптир мекендештер. 

Жолго чыккан беш кишини ӨКМ аман-эсен тапты. Ак-Талаадан коңшу Тогуз-Торого жолоочулап чыккан беш киши түшкөн автоунаа кан жолдо карга тыгылып, кудайдын парманы менен аман калган экен. Алардын артынан жабыла издегендер тирүү экенин билип, өх-хх… дешиптир. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.68 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Кыламыктан бут сынат, буламыктан тиш сынат

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын! Урматым менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0