Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Жигит талашып чачташкан селкилер, багы жок коалиция

Жазылуу
"Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт" деп кыш да кирип келди көрүнөт.

Айылым алтын турагым. Россияда иштеп жүргөн боордоштор мекенин дайыма эстеп, ага жардам бергиси келет. Таластын Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы мектепке жубайлар жапжаңы парта алып берип, окуучуларды эле эмес, айыл элин бүт кубантып турган чагы

© Фото / Жылдызай АттокуроваТаластын Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы мугалимдери, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберди
Семья мигрантов подарила школьную мебель для школы в селе - Sputnik Кыргызстан
Таластын Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы мугалимдери, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберди

Жаман айтпай жакшы жок. Айрым мигранттар туулган жерине жардам берем деп чуркап жүрсө, айрымдары башкалардын маңдай тер, таман акы менен тапкан акчасына кол салып жатат. Кээси өз баласынан баш тартууга чейин барууда. Аттиң, дүйнө…

Күндө туусам, күндө жок… Өткөндө Конституция жоголду деп кыйсыпыр түшүп жаңы эле өзүбүзгө келип, өх-хх.. дегенде эми коалиция тарап дагы куржалак калдык.

Жигит талаш, кыз талаш. Замандын талабына ылайкпы, айтор, азыркы жаштар да башка. Кыз талашып балдар эле мушташпастан, жигит талашып кыздар дагы чачташып жатышат

Анан дагы… Ырчы Темир Назаров менен Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров мушташты деген маалымат желдей тарады. Ошондой эле Оштун Кара-Суу районунда кош бойлуу аял башка бирөөнүн машинасын зуулдатып айдай качыптыр

Кыздары сулуу кыргыздын. Филиппиндин борбору Манила шаарында "Жер сулуусу" сынагына катышкан кыргыз чүрөгү ким деп жатасызбы? Анда толук маалыматты бул жактан окуңуз

Ак кар, аппак кар… Кечээ Бишкекте бубактап кар жаап, калааны кудум жомокко окшотту. Карга оронгон шаар асмандан кандай кооз көрүнөөрүн бул жактан караңыз.

Себат. Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемесинин аты өзгөрүшү мүмкүнбү? Түркияда болгон окуялардын таасири сезилип жатабы? Бул боюнча мекеменин башкы директору барын айтып берди.

Футбол демекчи. Ии, баса, футбол тууралуу такыр унутуп кала жаздаган турбаймбы. Учурда "Алтын топ" ээсин аныктоо боюнча аракеттер башталды. Эң мыкты футболчуну тандоодо кандай өзгөрүүлөр жана кимдер талапкер болуп жатканын бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35 (сатып алуу) жана 68.49 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель 34,50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Айрым кишилерге Шералынын чокою сыяктуу өткөндөрүн эскерте жүрүү керек окшойт. Кандай болгон күндө да жасаган мамиле, аткарган иш аракеттер бири-бири менен дал келсин деп, Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0