Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Агынан жарылган Азамат Болгонбаев, бишкектик "аркарлар"

© Sputnik / Табылды КадырбековСоблюдение правил дорожного движения в Бишкеке
Соблюдение правил дорожного движения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Бүгүн жаңы аптанын башталышы. Келе жаткан жети күн жемиштүү өтсүн.

Казак кызды жамбашка алып чапкан Барчынай. Адегенде эле дем алыш күндөрүн коштогон дем берген окуяларга сереп салабыз. Бир нече өлкөдөн келген мушкерлердин катышуусу менен JFC Fight Night-2016 турнири өттү. Жигиттер… азамат, бирок кыздардын ийгилиги көбүрөөк көңүл кубандырды. Кыргызстандан Азиянын самбо боюнча чемпиону Барчынай Узгенбаева мушташ боюнча Азия биринчилигинде жеңүүчү аталган казакстандык Акбобек Ергалиева менен беттешип, жеңип алды

Бишкектин борборундагы "аркарлар". Аларды борбор калаадан кездештирдиңиз беле? Анда төмөнкү видеого көңүл буруп койсоңуздар болот. Алардын эркеги, ургаачысы аралаш… 

Сыйлыктар, сыйлыктар. Алмазбек Атамбаев кыргыз элинин маданиятына, илимине, ар кыл тармактар боюнча өнүгүүгө салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында "Город-312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко (Ая, автор.), "Азия-MIX" КВН командасынын Элдияр Кененсаров сыяктуу эл аралык масштабда жүргөндөр бар. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам - Sputnik Кыргызстан
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам

Үркүн эл аралап жүрөт. 100 жыл мурда болгон улуттун боштондук күрөшү улуу Үркүнгө арналган "Үркүн" тасмасы учурда Кыргызстандын аймагын аралап жүрөт

Азамат Болгонбаев агынан жарылды. КРдин Эмгек сиңирген ишмери, кыргыз-казак акындарынын Эл аралык айтышынын баш байгенин ээси, ак таңдай акын дил маек берди

Ырчы кыз Каныкей жөнүндө эң кызыктуу жети факты. Sputnik Кыргызстан анын туулган күнүнө карата даярдап, окурмандарга тартуулады. Ырчынын жашоосу, кредосу, өмүрү, арманы, тилеги, кубанычы… 

Ааламда. Тажик элинин саны үч жылдан соң 10 миллиондон ашат экен. Калкынын санынын өсүү темпи боюнча КМШ ичинде алдыңкы катарга чыгыптыр. 1998-жылдан бери элдин саны жыл сайын 2,1 пайызга өскөн. Болсун! 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.34 (сатып алуу) жана 68.62 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат

"Бурадардан" көрүшкөнгө чейин сак-саламатта туруңуздар! Урматым менен, Нургүл Максутова. 

Жаңылыктар түрмөгү
0