Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Тилиме тибиртке чыксачы…

Жазылуу
Жума күнүңүздөр куунак жана сиз каалагандай өтсүн.

Гиннестин китебине кирчү чоң калпак. Кыргызстан эми чоң калпак жасаган өлкө катары Гиннестин рекорддор китебине кирүү алдында турат. Аракет кылсаң берекет деген ушул.

Дүйнөнү сулуулук сактайт. Кыргызстан бир гана Гиннестин эмес, сулуулуктун да рекордун "жаңыртып" жатат. Түркиянын Бодрум шаарында өткөн дүйнө сулуусу сынагында Кыргызстандан эки бийкеч катышып, бири "Азия канбийкеси" аталса, экинчиси "Достук сулуусу" атыкты.

Путиндин туулган күнү. Россиянын президенти Владимир Путинди кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев өзгөчө куттуктаганы жатат. Ал анын жаш кездеги сүрөтүн мык жана жип менен тартты. Путин эми маңдайы жарыла сүйүнөт болсо керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Ливан курама командалырынын футболдук беттеши
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Ливан курама командалырынын футболдук беттеши

Футбол. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ливандын курама командалары беттешти. Оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кыргызстандык оюнчулардын бир нече мүмкүнчүлүгү болгону менен аны колдоно албай калышты. Балким ливандык футболчулар оюн алдында Бишкекти кыдырып сейилдегени үчүн ушунча туруштук беришкендир

Депутаттар айтты да, эй. Жогорку Кеңештеги депутаттардын кимисинин айткандары жана демилгелери коом тарабынан кызуу талкууга алынганын бул жактан окуңуздар. Айтылган сөз атылган ок деп бекеринен айтылбаса керек.

Карыз жана баалуу белектер. Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 762 миллион сомду түздү. Кыргызстандын төрт президенти учурунда тышкы карыз канчага көбөйгөнүн бул жактагы инфографикадан караңыз.

Карыз кекиртектеп турганда мамлекеттик органдар кандай нерселерди сатып алууга кызыкдар экенин билип көрдүк. Эми койчу, кымбат баалуу автоунаадан тарта таштар чөгөрүлгөн сааттарга чейин бар. 

Мейманкана сатам… Башында "Пинара", андан кийин "Ак Кеме" болуп өзгөргөн мейманкана сатыкка коюлду. Аталган жайдын сырткы көрүнүшүн бир карап көргүлөчү

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.26 (сатып алуу) жана 68.48 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Буттан мүдүрүлгөн турат, сөздөн мүдүрүлгөн турбайт. Ойноп сүйлөсөк да, ойлонуп сүйлөйлү, туугандар. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0