Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мелис байке, эркиңизге береке!

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги филармониянын архивдик сүрөтү
Бишкектеги филармониянын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүр ээрчишип баралы, спорт залга…

Мелис байке. Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт дегендей, элүүнүн кырын эбак ашса да экс-министр жыйырма жаштагы балдардай күрөшүп жатат. Мелис байке учурда Польшада өтө турган ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына даярданып жатат. Чандайбай спорт залга барып тер төгүп, курсакты тарталычы, туугандар. 

Мерген Турган арыктап… Спорт залга барып курсак тартат демекчи, айтылуу Мерген Турган арыктап, формасына келип, жакында кайната болом деп турган чагы экен. 

Депутаттар айтып. Саясат айдыңындагы эң актуалдуу маселе бул Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү болууда. Аны талкуулоо учурунда депутаттар "ажылдап" тим эле базардагыдай соода болду. Айрым эл өкүлдөрү тантык тил тууралуу да сөз кылып жиберишти.

Кыргызча так сүйлө. Депутаттар ЖКда тил боюнча талашып тартышып жатканда сиз кыргызча терминдерди үйрөнүп алыңыз

Салыктар чогулбай жатат. Экономика демекчи бизде быйыл чыгымдар көбөйүп, салыктар түшпөй жатыптыр. Эмнеге андай болуп жатат, ал коомдун социалдык абалына таасирин тийгизеби? Бардык суроонун жообу бул жакта

Боордошторду унутпай. Памирде жашаган боордошторду Кыргызстан көз жаздымда калтырбай, кол узатып келет. Быйыл жардамды жеткирүү үчүн 3-октябрда чыгып кетишет. Жөн эле барып келбей, медициналык кароодон өткөрүп, так санын алып, дем-күч берип кайтышат.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.92 (сатып алуу) жана 68.12 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бүгүн таң эрте муздак соккон жел күздүн чындап эле келгенин тастыктады. Сандыкка салган жылуу кийимдерди алып чыгалы. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0