Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бир тилим темир — 25,2 миң доллар. Жол болсун…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөлөрүндө бараткан аял балдары менен. Архивдик сүрөт
Бишкектин көчөлөрүндө бараткан аял балдары менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аш көп болсо каада көп же бир көрмөккө жан бермек. Башкаларга "крутой" көрүнүү үчүн жан үрөгөндөр элдин эсин оодарды.

Мен "крутой". Кечээ кечинде 777ААА мамлекеттик номери аукциондо 25,2 миң сомго сатылып, элдин оозун ачырды. Бизде акча жок деп какшаганыбыз менен эки темирди сатып алууга ушунча каражат коротуп жатабыз. Токчулукпу же кесирликпи… Ийи айтмакчы, бул аукционду бир жергиликтүү хакер эле жасалмалап койгону тууралуу каңшаар кеп чыкты. Көрө жатабыз да.

Интернет арзандайт, арзандабайт. Казакстандан келчү интернет арзандады деген кеп желдей тараганы менен анын чындап эле төмөндөгөнү азырынча расмий тастыктала элек. Тастыкталмак тургай, адистер ал тууралуу азыр кеп жок экенин айтышты. 

Шашкан шайтандын иши. Келген чакыруу боюнча шашкалактап бараткан Кайгуул милициясынын автоунаасы 11 жашар кызды коюп кетти. Бул кайгылуу учур видеокамерага тартылып калган. Шашат десе эле газды зуулдата баспай, этият болуп, жол эрежесин сактайлы, туугандар.

Атамбаевди байкерлер колдоп… Москвада ден соолугун чыңдап жаткан президент Алмазбек Атамбаевди колдогон байкерлер Бишкекти айлана кыдырды. Күрүлдөгөн мотордун үнүндө Атамбаевдин да жүрөгү айыгып, эртерээк Кыргызстанга кайтсын. Эсиме жара чыгып унутуп кала электе жазайынчы, президент эмне деген дартка чалдыкканын жана аны айыктыруунун жол-жобосун бул жактан окугула.  

Залкарлар закымы. Кыргыздар башынан сөзгө конок берип, анын маанисине терең көңүл бурушкан. Заманынын чыгаан акыны Барпы Алыкулов тууралуу сонун материалды бул жактан окуңуз. Ошондой эле залкар дирижер Калый Молдобасанов жөнүндө кызыктуу беш фактыны окуп койсоңуз да ашыкча болбойт.  

Кыздардын тагдырын бузгандар. Кыргыз жана казак кыздарды сойкулукка мажбурлагандардын алды 27 жылга кесилди. Чырактай кыздардын талкаланган тагдыры үчүн ким жооптуу болот. Алардын көңүлүн, өтүп кеткен күндөрүн ким кайтарып, ким ордуна коюп берет. Бир чети жумуш деп эле ураалап кетип калбай, кыздарыбыз да өз коопсуздугун ойлогону оң.

КРди Европа таанып. Кыргызстандын кооз жаратылышы, көчмөн турмушту чагылдырган чакан ролик европалыктарга көрсөтүлүп жатат. Чындап эле көз жоосун алып, суктанарлык роликти бул жактан карап койгула

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.86 (сатып алуу) жана 68.16 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бектер кетет бел калат, бетеге кетет эл калат. Жасаган ишти акыбети кайтып, сүйүнөлү деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0