Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көрсө, ажонун итке минген ат кошчулары да бар экен

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөлөрүндө бара жаткан жаштар. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө бара жаткан жаштар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таң атпай Бишкек шаарында мелүүн жел согуп, күздүн келгенинен чындап кабар берди.

Кышында үшүбөйт экенбиз. Кыштын камын жайда көр демекчи, жайды жайлай Токтогул суу сактагычында суу кенен эле чогулуптур, кышында жанталашып мүшөктөп көмүр албайт экенбиз буюрса. Бирок ким билет, көмүр алып кыштын камын көрө береличи. 

Жандоочу кийик аттырат… Кыргызстандагы саясый кармаш чегине жетейин деп калды көрүнөт. Кимдин канча байлыгы бар экенин ар бири далилдегенге аракет кылып жатат. А сиз президенттин ат кошчулары канча каражат таап, эмне деген байлыкка ээ экенин билесизби? Анда бул жакты караңыз

© Фото / Ася ИбраимоваКан жолдогу өлүм… "Чын жүрөктөн баары бир"
Пьяный водитель. Как выпить чужую жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кан жолдогу өлүм… "Чын жүрөктөн баары бир"

Атамбаевдин "отставкасы". Кыргызстандагы гезит-журналдар Атамбаев Түркиядан сыркоолоп, кайта Москвага келгенден бери анын айланасында ар түрдүү айың кептердин айтылып жатканын жазышууда. Эмне деп жазып жатат деп кызыксаңар бул жактан окуңуздар.

Ажону барып көрөбүз дегендер арбын. Атамбаев Москвага келгенин уккан мекендештер ажонун саламаттыгына тынчсызданып, ооруканага тамак киргизсек болот эле деп күтүп жатышат. Айрымдары президент эмне тамак жейт экен, "мен соонун пицца алып келейин, мен торт алып келейин" дегендер дагы бар. Кандай болсо да куландан соо болуп, Кыргызстанга кайтса экен.

Кытай да тынчсызданды. Саламаттыгы анчейин болбой, дарылануусун улантып жаткан Атамбаевге Кытай дагы кабатырланууда. Бул өлкөнүн башчысы Си Цзиньпин Атамбаевдин эртерээк сакайып кетишин каалап, куш тилиндей кабар жөнөтүптүр

Эмне болуп кетер экенбиз? Меккеге барып ажы болгон жарандарыбыз келип жатат. Ошто аларды тосуп алуу үчүн келген эл менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аэропорттон жөөлөшүп кетти. Ансыз да узак жол басып чарчап келген ажыларды ээн-эркин тосуп алгандын ордуна бири-бирибизди төө бастыга алып жатканыбызга жол болсун.

Уялбайсыңарбы?! Албек Ибраимов мэр болуп келгени социалдык тармактарда активдүү болуп, калаа тургундарын тазалыкка, тартиптүү болууга чакырганы чакырган. Мэрдин бул айткандары айрымдардын кулагына кирбей жатат окшойт. Жер алдындагы өтмөктөрдү боёп, бакыйтып жарнамаларды жазып кетип жатышат. Ай, айланайындар, мэрди укпасаңар деле шаардын тазалыгын ойлогулачы. Же силерге апаңар айлана-чөйрөнү булгабагыла деп айткан эмес беле, уят эле.

Жаман айтпай, жакшы жок. Жай айынын ортосунда аялды баласынын көзүнчө зордуктады деген таксист тууралуу баарыңар эле уксаңар керек. Мына ошол таксист эми жыйырма жылга кесилиши мүмкүн экен. Ай, билбейм, билбе-ейм, кемигинде да, керкисинде да бар го…

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.43 (сатып алуу) жана 68.62 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ак төөнүн карды жарылган күз айы молчулукка жык толсун. Той-топурдун аягы үзүлбөсүн деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0