Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бармагын жалаган Стивен Сигал, Айсулууга арналган ыр

© Sputnik / Табылды КадырбековСкульптурный комплекс "Манас" у здания Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова в Бишкеке. Архивное фото
Скульптурный комплекс Манас у здания Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө шейшемби. Жергебизде өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү болушун каалайбыз.

Азамат Болгонбаев акындардын "алпы". Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан "кыл чайнашкан" кыргыз-казак акындарынын айтышында Кыргызстандан Азамат Болгонбаев менен казакстандык акын Мухтар Ниязов баш байгени алышты. Алардын ар бирине 300 миң сомдон сыйлык берилди.

Айрым акындардын катышпай "таарынганына" карабастан намыска жарап, элдин мүдөөсүн талашкан акындарга ырахмат.

Негизи эле Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан этнофестиваль дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, баарын кызыктырып жаткан учуру.

15 килограммдык нан 2 миң сомго сатылды. Кырчын жайлоосунда көпчүлүктүн көңүлүн бурган Ош шаарынын тургуну Базаргүл Мамырова жасап келген чоң 15 килограммдык нан 2 миң сомго сатылды. Базаргүл апа мындай нандан дагы экөө калганын айтат. Ак төөнүн карды жарылган учурда нандын түрү ар бир үйдө төгүлүп, дасторкондон береке кетпесин.

Стивен Сигал беш бармак жеп бармагын жалаптыр. Көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары чакырылган Голливуд жылдызы Стивен Сигал беш бармактай даамдуу тамакты буга чейин жебегенин, анын даамы таңдайында калганын айтып, агынан жарылды. Сигал мырза Кыргызстандын тоолорун, көлдөрүн, сууларына суктанып бүтө электигин да белгиледи. Ананчы, кереметтүү тоо койнундагы Кыргызстандын табияты далайлардын көзүн кызартып, өзүнө арбап алары шексиз.

"Жаңы толкундагы" жаңы толкун. Кыргызстандык ырчы Нурсултан Азыкбаев Россиянын Сочи шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун — 2016" эл аралык музыкалык конкурстун биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду камсыздап атаандаштарын артта калтырды. Кыргызстандын атын чыгарып жаткан жаш ырчыга ийгилик жана жеңиш каалайбыз.

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүМеждународный конкурс "Новая волна 2016 ". День второй
Международный конкурс Новая волна 2016 . День второй - Sputnik Кыргызстан
Международный конкурс "Новая волна 2016 ". День второй

"Таазим, сага Айсулуу". Рио оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп, керекке жараган балбан кыз Айсулуу Тыныбековага арнап ырчы Сыймык Бейшекеев "Таазим, сага Айсулуу" деп ыр чыгарды. Айсулуунун океандын ары жагындагы күрөшү кыргызстандыктарды бир дүрбөтүп, бириктирип койду. Балбан кыз далай бийиктиктерди багындырат деп толук ишенебиз.

Багы жокко дагы жок. Санкт-Петербург шаарында 45 жаштагы кыргызстандык таксистти сабап, машинасын айдап кеткен үч жүргүнчү изделип жатат. Тийиштүү документтерди Кыргызстандын Россиядагы элчилиги шаардык полициянын башчылыгына жөнөттү. Башка бирөөнүн нанын тартып алып, ырыскысына кол салган эргулдар кармалып, жазасын алса экен.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу) жана 69.24 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жашоодогу тоскоолдуктар сизди чыйралтып ийгиликке себепчи болсун. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0