Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жылдызыбыз жанбаган жайкы Олимпиада

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский Национальный университет на фоне аллеи молодежи. Архивное фото
Кыргызский Национальный университет на фоне аллеи молодежи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расул байке, куш бооңуз бек болсун! Биздин кесиптешибиз Расул Үсөналиевдин башы эки болуп, буюрса бухгалтерлүү болуп отурат. Ал эми тойдун жүрүшүн буюрса Канышай эжекем баяндап берер. Азырынча тойдун кешигинен үмүт этип отурабыз.

Канчаны дейсиз? 86-орун? Ооба, олимпиадалык оюндарында Кыргызстандын атынан катышкан жөө күлүк Илья Тяпкин жарышта 86-болуп келди. Киши укпасын эми. Болбоду дегенде мыкты жүздүктүн катарына кирди деп коебуз да. Эч болбосо, башкы максат жеңиш эмес, катышуу деп кутулабыз.

Илья Тяпкинге чейин эркин күрөш боюнча балбан Могамед Мусаев да жарыштан ыргыган. Ал го макул, 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип анан кийинкисинде жеңилди, Айаал Лазаревчи… шалдырап гана туруп берди го чиркин. Арман аттын башындай! 

© AFP / ODD ANDERSENЦеремония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро
Церемония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Церемония закрытия XXXI летних Олимпийских игр в Рио-де-Жанейро

Шонтип, бүттү баары. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн XXXI жайкы Олимпиада соңуна чыгып, өту өчүрүлдү. Кыргызстандын атынан жөнөп кеткен 19 спортчунун баары жайдак кайтты. Эмне дейбиз? Жок дегенде Рионун пляжына какталып, селфи жасап келишти да! Аман болгула!

Андан көрө, Ажайып Кыргызстан — байыркы тарыхты ичине батырган "Таш-Рабат" кербен сарайы тууралуу видеону көрөлү. "Таш-Рабат" тарыхый эстелиги Нарын аймагында деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Улуу Жибек жолундагы бул сарайга кербендер түнөк кылып келишкен. Заманбап саякатчылар үчүн дагы тыныгуучу жай болуп бере алат. "Таш-Рабат" кезегинде ары-бери каттаган соодагерлердин баш калкалап, каракчылардан жашырына турган жайы болгон. 

Аңгыча Чолпон-Ата шаарында кумдан жасалган скульптуралардын эл аралык фестивалы өтүп, анда 50гө чукул чеберлер катышууда. Эми укмуш. Миң уккандан бир көргөн, бир көргөн, сүрөттөр бул жакта!

Айылдыктардын көкөйүнө тийип, чоң эле кишилердин астындагы машинесин айдай качкан окуучу кызды элестетип жатасызбы. Анын артынан эки колун булгалай алдастап чуркаган айдоочу… Мотоцикл менен шайтан арабаларды тээп кетүү турган иш. Бул жана башка окуяларды КР Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова баяндады

Ал эми бүгүн, өлкөдө өткүн өтүп, күн 30 градуска чейин жылыйт

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.28 (сатып алуу) жана 68.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жакшыга жанашып, жамандан адашалы!

Спортчулардын амандыгын тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0