Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Сүйүнчү, Риодон коло медаль!

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги парктын биринде эс алган кыз. Архив
Бишкектеги парктын биринде эс алган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Бүгүн күнгө шаршемби. Күнүбүз жакшы өтсүн.

Иззаттын коло медалы. Кандай сонун, таңдан тарта жакшы кабар! Алыскы Рио-де-Жанейро шаарында мекендешибиз Иззат Артыков жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду. Кечээ эле редакцияда сөз болуп жатканда, кесиптештердин бирөө "ушул баладан бир нерсе чыкчудай" деп жатты эле… Болсун! Баарыбызга кут болсун! 

© REUTERS / Yves HermanРио-2016: Алгачкы медаль — Иззат Артыковдун эрдиги
Олимпиада 2016. Тяжелая атлетика. Мужчины. 69 кг - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Алгачкы медаль — Иззат Артыковдун эрдиги

Ичкиликке эмес, бейтаптарга китеп берет. Ич жылыткан кадамдардын бирин дагы бир мекендешибиз жасаптыр. Ош шаарынын тургуну Абдишүкүр Абдилатипов үйлөнүү тоюнда той-топурга кете турган акчага ооруп жаткан жарандарга китеп таратууну чечти.

Россияда дүңгүрөтө той берген кыргыздар. Буга чейин Москвада кыргызстандык эки жаштын баш кошуу үлпөтүндө тойго келгендердин атышып кеткенин жаздык эле. Бул сапар Sputnik Кыргызстан Россияда үлпөт той өткөргөн кыргыздарды санап көрдү

Өрттөнгөн каскадер. Кыргызстандык каскадер Адилет Акматовдун эсинде калган жаракаттарынын бири – мойнун катуу сындырып алган учуру. Андан сырткары болжол менен 50дөн ашык жаракат алган. Каскадер өмүр, тобокел, өкүнүү, канааттануу сезимдери туурасында айтып берди.

Абайлагылачы, кырсыкты кайдан деп болбойт. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө дарак эки унааны басып калды. Бактыга жараша, алам өмүрүнө зыян келген жок.

36 градус ысык болот экен. Бүгүн өлкө боюнча жаан-чачын болбой тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. Бүгүн күндүн табы 36 градуска чейин көтөрүлөт. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.71  (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сом 70 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0