Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мектеп окуучусу "Бикини сулуусу" аталып…

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив
Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теке айынын 29 тогузунчу таңы атты. Артты бир кылчайын карап, алдыга умтулуңуз.

Басканы сонун маралдай… Бишкекте "Бикини сулуусу-2016" сынагы өтүп, анда 16 жаштагы Саадат Асылбекова аттуу окуучу кыз жеңүүчү аталды. Ал ортодо жаш сулууну жемелегендер четтен чыкты.

Баса, жогорудагы бикини сулууларынын сүрөттөрү көргүңүз келсе, тартынбай баш багыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКонкурс "Мисс Бикини 2016" в Бишкеке
Конкурс Мисс Бикини 2016 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Конкурс "Мисс Бикини 2016" в Бишкеке

Аткен менен "Кайран элим, кайда баратабыз?" банери илинди. Бул жолкусунунда элечек кийген кыздар менен кыска кийим кийген кыздардын сүрөтү коюлду.

Көчмөндөр даңазаланды. Дене-бойду дүркүрөткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу ролик жарыяланды. Аны көрөм десеңиз, бул жакты караңыз.

Мандат чыры. БШК болбой эле Болотжан Ибраимжановго мандат берди. Ал эми өзүм дегенде өгүздөй күчү менен мандатын коргогон Жыргалбек Саматов бул жолкусунда "жеңилүү" ызасын тартты окшойт. 

Ажайып Кыргызстан: Шах-Фазиль архитектуралык комплекси. Кыргызстандагы көз жоосун алган кооз жерди көргүңүз келсе, анда кош келиңиз.

Балыкчага байрак илинди. Балыкчы шаарынын кире беришине 35 метрлик флагштокко узуну 9, туурасы 6 метр болгон чоң желек илинди. Аны Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, "Азия MIX" КВН командасынын лидери Элдияр Кененсариев, атактуу бийчи Атай Өмүрзаков жана жеке ишке Имамидин Ташов көтөрүштү. Буюрса Ысык-Көлгө барууну каалаган туристтерди жаңы желек тосуп алат.

Кыргызча так сүйлөйбүз. Звандап кой же мешайт этпечи деген сөздөр көрсө орусча экен. Мен мунун баарын "кыпкыргызча" экен деп жүрө бериптирмин. Дагы башка кыргызчаланып кеткен орусча сөздөрдүн маанисин билем десеңиз, "Тибиртке" рубрикасы жардамга келет

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.18 (сатып алуу) жана 67.94 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Азыркынын жакшысы, азырак сүйлөп, көп иштейт!

Кызматта Исмаил Мамытов болду. Жазышканча достор.

Жаңылыктар түрмөгү
0