Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Мөндүр кайгысы, "Манас" талашы жана керемет Сары-Челек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Абдраимов атындагы авиация колледжи. Архив
Бишкектеги Абдраимов атындагы авиация колледжи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембинин таңы ар бирибизге ийгилик алып келсин. Агарып аткан таңдай оюбуз таза, көңүлүбүз куунак болсун.

ЮНЕСКО биздин табиятка суктанды. Чындап эле биз бейиштин төрүндөй болгон жашайбыз. Көз салып карап отурсаң кооздугуна тойбойсуң. Мына ушул кооздукту, сулуулукту кийинки муундар да көрсүн деген максатта Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнунун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди. Эми бул жайларды көздүн карегинде сактайлы. 

Көз кумарын кандырган Сары-Челек. Биздин кооз жерлерге дүйнө эли суктанып жатат. Карагылачы не деген гана керемет!!! Бах, чиркин! Жердин асылы, көлдүн асылы ушул жер болсо керек. Эс алганга ашыгып, кайда барсам деп жаткандарга Сары-Челекке келгиле демекчибиз. Бул жерден карап, көлдүн асмандан көрүнүшүнө суктана аласыз. 

Мечиттердеги азан эми түндө элдин тынчын албайт. Бишкек шаарындагы мечиттерде айтылган азандын үнү эми түндө акырын чыгып, уктап жаткан элди чочутпайт экен. Шаардык Санэпидкөзөмөл борбору шаардагы мечиттерге атайын билдирүү берип, түн ичинде айтылган азандын үнүн азайтууну сунуштады. Мындай кадамга барууга шаар тургундарынын арыздары себеп болгон. Кандай болгон күндө дагы ар бир момун мусулмандын окуган намазы кабыл болуп, жерибизде тынччылык өкүм сүрүшүн тилейбиз.

Дыйкандардын мээнетин жеген мөндүр. Бул дүйнөдө жаратылыштан күчтүү эч нерсе жок. Адам баласы канчалык алдыга өнүгүп жылганы менен жаратылыштын күчү алдында алсыз. Жарым саатка жетпеген убакыт ичинде жааган мөндүр ысык-көлдүк дыйкандардын жаз бою төккөн мээнетин жеп кетти. Бышып калган алма-өрүк күбүлүп калды. Бармагын тиштеп калган дыйкандардын абалы тууралуу бул жактан окуңуздар

Эми Чубактын кунундай чубалат өңдүү… Бүбү Мариямдын авторлугу астында жазылган он томдук "Айкөл Манас" китеби Жумгал райондук соту тарабынан экстремистик маанайдагы китеп деп таанылды.  Кыргыздын салт санаасы, дүйнө таанымы бары катылган Манасты бурмалабай, аны аздектеп сактап келечек муундарга төкпөй-чачпай өткөрүп берсек сонун болот эле. Кандай болгон күндө да кудай ар бирибизге акыл жана чыдамкайлык берсин.

Валюта баасы. Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.13 сом деп белгиленди..

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы төмөндөгүдөй: Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

Жаңылыктар түрмөгү
0