Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10.15. Жети жаштагы Байэл үч жашар наристени сактап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековСууга түшүп жаткан балдар. Архив
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман күн, мекендеш. Түндөн түгөл чыктык. Бүгүн күнгө жума.

Уучубузу куру эмес. Жакшы кабар! Талас районундагы Көк-Ой айылында жети жашар Байэл сууга агып кеткен үч жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Жүрөк жылытат, тим эле. Тилек келечекте куткаруучу болгусу келет экен.

Өзгөлөр кетип, өз калдык. Күрмө күйүтү. Германия канцлери Меркел айым келип кетти. Жолду ачып-жаан, түздөнүп-оңдонуп жатып узаттык. Ага укмуштуудай кооз "Ала-Арачанын" жаратылышын президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен коштоп жүрүп көрсөттү. Кызыгы, социлдык тармакта бул сейил туурасындагы сүрөттө талкуунун предмети — президенттин кийип жүргөн спорттук күрмөсү болду. "Ушул кийимин үстүнөн түшүрбөйт, башкасы жокпу" деп мыйыгынан жылмайышты, ал тургай карикатура да жасап жиберишти. Ай, букаралар, ай. "Акырын басса аксак, катуу басса таскак"… 

Меркелди биздин боорсок "кызыктырганда". Учактан түшүп, кыргыз жергесин аттаган Ангела Меркель алгач эле кыргыз боорсогунан ооз тийди. 

Меркелдин мекенге келсек… Кыруу-кыруу; айдайт, айдайт! Кыргыздар үй жаныбарларын кантип чакырганын билесизби. Маселен, бопо-бопо жана ар-ар деп кайсы жаныбарды чакырат. Билбесеңиз, бул жерге көз жүгүртүп койсоңуз болот

Ааламда. Балдарда не жазык десеңиз. Таңда туруп Франциянын Ницца шаарында болгон жаман кабарды окуп жаман болдум. Жай турмушта, бала-чакасын ээрчитип алып сейилдеп жүргөн элде не жазык десеңиз. Машина алдында калып өлгөндөрдүн арасында, балдар көп дешти… 

© REUTERS / ERIC GAILLARDТеракт в Ницце в ходе праздника в честь Дня взятия Бастилии
Теракт в Ницце в ходе праздника в честь Дня взятия Бастилии - Sputnik Кыргызстан
Теракт в Ницце в ходе праздника в честь Дня взятия Бастилии

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.05 (сатып алуу) жана 67.24 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы төмөндөгүдөй: Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0