Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Түндө ажо Атамбаевдин оң колу ким экендигин билдик…

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө бейшемби. Куунак көңүл каалайбыз.

Жолдор убактылуу жабылат. Ордо калаада жашагандарга бүгүн бир аз сабырдуураак болгонго туура келет, себеби, Германия канцлери Меркель айымдын келишине карата бир канча жолдор убактылуу жабылат. Толук маалыматты бул жерден алсаңыз болот.

Аптаптуу аба жамгырлуусу менен алмашат. Алдыдагы үч күн бою, тагыраагы 17-июлга чейин аба ырайы өзгөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр төгүп турат. Көлгө, тоо-ташка аттангандар эле кейибесе, шаардагылар бир аз серүүндөп ала турган болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрибытие федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан
Прибытие федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Прибытие федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан

Атамбаев айтты… Айтмакчы, түндө президенттин оң колу ким экендигин билдик. Аны ажобуз Атамбаев өзү улуу даражалуу конокко тааныштырып жатып айтты. Көздү ачып, жуупм, кайра-кайра үңүлүп, ал — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков экендигин тааныдык. Эми билип жүрөбүз…

Баспаган таене менен периштедей неберелер. Кайыңды шаарындагы буту баспаган таене жана анын эки небересинин тагдыры туурасында бул видео көптөрдү кайдыгер калтырбайт… Ал эми балдардын апасын күйөө ала качып кетиптир… 

Мекенине келе жатып… каза болушуптур. Россиянын Саратов облусунун полициясы кечээ Москвадан Кыргызстанга жөнөгөн мекендештер кырсыкка кабылып, экөө каза болгондугун кабарлашты. Автоунаасы аласалып кетиптир. Арты кайырлуу болсун… 

Кайран эл кайда баратабыз?! Бир тарабына улуттук кийимчен аялдар, экинчи тарабында паранжа кийген аялдардын сүрөтү түшүрүлүп, "Кайран эл кайда баратабыз?" деп жазылган баннерди көп сөздүн башы болду. Колдогону да, нааразысы да чыкты. Ошентип, түнгө карай баннер чечилип, ордуна спортчулардын сүрөтүн илишти Түшүнбөй калдым…

Кырсыкты кайдан деп… Кечээ да өлкө аймагында өрт көп чыгып, КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кетти. Анан да чырактай болгон өспүрүм кыз менен күч-кубаты ашып турган 24 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Абайлагылачы, айланайындар. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.18 (сатып алуу) жана 67.32 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы төмөндөгүдөй: Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жандоочу кийик аттырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0