Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Ментинен тайган Месси менен атасын даңктаган Алия

Жазылуу
Арыбаңыздар. Бүгүн күнгө бейшемби. Жакшы маанай менен ишти баштайбыз.

Атасынын кызы. Ар бир кыз үчүн атасы барынан күчтүү, баарынан акылдуу. Анын сыңарындай өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кызы дагы атасын чексиз жакшы көрөрүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жар салды. Ушул күндөрү коомдо Атамбаевдин өзүнүн чыгарып, аткарган ыры түрдүү талкууга жем таштады. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген кеп чын белем… 

Талас, Манас. "Токоюн бойлоп баратсаң, суктантып барын караткан" Талас облусу чынында Кыргызстандын керемет жери. Таластыктар өпкөсүн каккылап, "биз" дегени да бекеринен эмес окшойт. Талас дегенде эле Манас баатыр жана атагы ааламга тараган Чыңгыз Айтматов эске келет. Бул өрөөндүн чындап эле сулуулугуна суктангыңыз келсе Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Ажайып Кыргызстан" долбоорунун алкагында тартылган "Манас ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексин көрүүгө чакырабыз

Аюу, илбирс байырлаган Кыргызстаным. Биздин мекен чынында эле керемет. Тоосунда улар үн алып, аюу, илбирси жортуп жүрөт. Бийик тоонун чөбүн жеп, эркин ары бери керилип баскан маралдан тарта, аюу, илбирстер фото капканга түшүптүр. Эми алардын көрүнүшү эле бир керемет. Бах, чиркин! 

Төш каккан менен пайда жок… Быйыл кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага болгон даярдыктар көрүлгөнү менен аз калган убакыттын ичинде курулуп жаткан жолду бүткөрүү арсар болуп турат. Оюндардын башталарына туура 58 күн калды. Ага даярдык көрүү үчүн 100 чакырымга созулган Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун Чолпон-Ата шаарына чейинки 35 чакырымы убагында оңдолуп бүткөрүлүүсү керек. Бирок убакыт кыстаган сайын уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок болуп, орто жолдо калбасак болду. Келген конокторду даңгыраган сонун жол менен ташып турсак жаманбы. Эми кандай болот, аны бир Кудай билбесе…

Алтайлыктар өз көчмөндөр оюнун өткөрөт. Биз бул жакта төшүбүздү каккылап, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну деп жатканда алтайлыктар өздөрүнүн көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп билек түрүнүп, шымалана оюнга даярдык көрүп жатат. Алардын көчмөндөр оюндары 8-10-июлда болот. 

Бир карын майды бир кумалак чиритет. Жайдын аптабында майып баласын касиеттүү Ысык-Көлгө алып келип, дарылаталы деп жакшы тилек менен Кыргызстанга келе жаткан туристтерди өздөрүн милиция деп тааныштырган эргулдар тоноп кетти. Эми ушул кантип болсун. Келген конокту тоноп кетүү кыргызга жат көрүнүш. Андыктан мындай абалды болтурбоо үчүн жана каракчыларды табуу үчүн өкмөт башчы ички иштер министрине катуу тапшырма берди. Келген конокту босогодон тоногон жаман адатты таштап, өзүбүздүн меймандос эл экенибизди көрсөтөлүчү.

Аскар Акаев үн катты. Кантсе өлкөнүн тарыхында тунгуч президент катары эсте калган Аскар Акаев жакында эле Россиянын каналына Евразиялык экономикалык биримдиктин келечеги тууралуу өз оюн айтты. 2005-жылы Кыргызстанда болгон төңкөрүштөн улам Россияда жүргөн мурдагы президент өзүн жалаң илимге арнаган. Анын физик-математик экенин жана акыркы кездери экономиканын айрым тармактарын математикалык эсептөөлөр менен изилдеп жүргөнүн эстеп көрсөк, ал деле бир нерсени билип айтып атса керек да.

Месси ментинен тайганда. Салыктан качуу жаман экенине Лионель Месси анчалык маани берген эмес окшойт. Сот аргентиналык футболчуну эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. "Алтын топтун" беш жолку ээси мында салык төлөөдөн баш тарткан деп айыпталууда. Эмнеси болсо да белгилүү футболчуга сабыр жана сотторго насип берсин. Аягы кандай болорун күтө туралы. Үмүтсүз шайтан дешет го.

Тилектерин таш капсын. Стамбулдагы аба майданында болгон жардыруудан кийин Кыргызстандын аты дүйнөлүк бир катар ЖМКларда байма-бай айтылып келет. Себеби 44 кишинин өмүрүн алган жардырууну уюштургандардын арасында кыргызстандыктардын да бар экени айтылган. Террористтердин дини жана улуту болбойт. Ошентсе да Кыргызстандан чыккан деп дүйнөгө сөз болгон беш учурду санап көрдүк. Дүйнөдө тынчтык болуп, бейпилдик өкүм сүрсүнчү.

Валюта баасы. Бүгүн Улуттук банк сомдун долларга карата болгон орточо кунун 67.39 сом деп белгиледи.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0