Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Казактар кайрадан кечирим сурап…

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жашоочулары. Архив
Бишкек шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыбаңыздар. Бүгүн күнгө шаршемби. 5-июлда орозо аяктап, кечээ баарыбыз эс алдык.

Бир күндүк эс алуу аз да болсо тууган-туушкандар, кошуна-колоң менен чай ичишип, бири-бириникине айттап барганга шарт түзүп берди. Андыктан жума аягына чейин бир чымырканып иштегенге баарыңарга Кудай күч-кубат берсин. 

Жакшы сөз жан эргитет. Жылуу сөз жыланды дагы ийининен чыгарат деп бекеринен айтылбаса керек. Өлкө башчысы кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен куттуктап, орозо баарынан мурда жан дүйнө менен пейилди тазартуу болуп саналарын жана өмүрдүн маңызы тууралуу ой толгоо мезгили экенин эскертти. 

Жаратканга жалынып… Орозонун бүтүшү менен айт намазы окулары баарына маалым. Быйыл ал салтка айланып калган эски аянтта эмес, "Жеңиш" аянтынын жанында өттү. Таң эрте нөшөрлөп жааган жаанга карабастан айт намазга миңдеген момун мусулмандар келишти. Жараткан жалпыбыздын тилегибизди кабыл кылсын!

"Эй, Россия, Россия бир боор энем". Айтылуу акын Алыкул Осмонов ырдагандай учурда Россияда эркин учуп жүргөн кыргызстандыктар дагы айт намазды Москва шаарынын борбордук мечитинде окушту. Мекенден алыс жүрүп, Кыргызстанды сагынган мекендештерге да ийгилик каалайлы. 

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПразднование Ураза-байрама в Москве
Празднование Ураза-байрама в Москве - Sputnik Кыргызстан
Празднование Ураза-байрама в Москве

Жаман айтпай жакшы жок. Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы жардырууну уюштургандардын арасында Кыргызстандын да жараны бар экенин түрк президенти Режеп Тайип жар салды. Эмне дейбиз… Террорчунун дини жана мамлекети болбойт. Адам өмүрүн алган мындай каргашадан Кудай алыс кылсын. Андан көрө бири-бирибизди урматтап, жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашыралы.

Астанада жаңырган "Манас". Стамбулдагы терактыга кыргызстандык жарандын тийиштиги бар экенин угуп, маанай чөгүп турганда, Астанада жаңырган "Манас" маанайды көтөрдү. Айтайын дегеним, Казакстандын борборунда өтүп жаткан "Астана Архау" салттуу түрк музыкасынын IX фестивалы. Анда манасчы Дөөлөт Сыдыков менен аспапчы Нурбек Серкебаев "Манасты" жаңыртып, кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан музыкасын казактын кең талаасына, жо-жооок, ааламга чейин жар салды. Андан да ошончо киши чогулган иш-чараны белгилүү алып баруучубуз Назира Айтбекова түрк тилинде алып барып жатканын айтпайсызбы! Азаматсыңар!

Тил кесмек бар, баш кесмек жок. Кыргыз эли чынында данакер жана кечиримдүү эл. Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов кыргыз элинен кечирим сурады. Анын себеби да бар. Анткени ШКУнун саммити учурунда КР президенти Алмазбек Атамбаевдин артына отуруп алып, оозун ачып эстеп, эки жакты элеңдей карап, жанындагылар менен шыбырашкан киши интернетте катуу талкууга алынган эле. Көрсө бул адепсиз неме казакстандык дипломат экен. Бакыйган бир министр башын жерге салып кечирим сурап жатса кечирбеске айла барбы. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт деген кеп бар эмеспи.

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.40 сом деп белгиленди.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баалары бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жакшы тилек — жарым ырыс.

Жаңылыктар түрмөгү
0