Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Атамбаевдин ыры, Омардын төө буурчак чыры

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер! Бүгүн күнгө дүйшөмбү, ал эми эртең Орозо айт.

Күндүн көзү бүгүн бүркөө. 4-июлда Кыргызстанда кыска мезгилдүү жамгыр жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди. Анткен менен Бишкекте 28, Ошто 32 градус ысык болот экен. 

Жакшы адамдардан куру эмеспиз. Балмуздактын таякчалары менен түрдүү чакан имараттарды жасаган кичинекей майып бала Тилек Алтымышевдин тагдыры коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Маек жарыялангандан кийин редакцияга чалып, жардамын сунуштап жатышат. Тилектин атасы Нурбек Курманалиев коомчулуктан жардамга кол сунган мындай колдоолорду күтпөгөнүн, бул кадимкидей кайрат-күч бергенин айтты. Жакшы адамдардан куру эмеспиз, баары бир. 

Фото бутада – Ош. Биздин фотограф "Ажайып Кыргызстан" долбоорунун алкагында Ошту аралап жүрүп, чырк эттирген ирмемдер

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в объективе фотографа: Ошская область
Народ Кыргызстана в объективе фотографа: Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Народ Кыргызстана в объективе фотографа: Ошская область

Элет демекчи, министр Алтынбек Максутов айылга кат жазды. Кайсы киши кычырап, костюм-шым кийип алып, уй кайтарат  дейм да… 

Ырчы Омар азыр кантип жашап жатат, эмне менен алектенип, кайсы тарапка багыт алды. Бул туурасында Өмүрбек Жанышев ачык-айрым маек куруп берди. Төө буурчак темасы да унутулуп калган жок. 

Атамбаев обон созгондо. Ыр десе, эстеп кеттик. Президент Алмазбек Атамбаевдин гитаранын коштоосунда коңур үнүн угуп, букаралары бири-бири менен аны талкуулап жатат. Айтмакчы, анын текстин да өзү жазыптыр. Ырдын аудио версиясын угуп, президенттин гитара кучактап алып, көздү жуумп, чозуп жатканын көрө албаганыбыз менен элестетип койдук. Айта кетчү нерсе, анча-мынча ырчылардан төөлүк өйдө ырдайт экен.

Эртең орозо айт. Ошентип 29 күндүк орозо соңуна чыкты. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.29 (сатып алуу) жана 67.44 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баалары бир нече күндөн бери өзгөрүүсүз. Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0