Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10.15. Түркиядагы кандаштарыбыз аман болсо экен…

Жазылуу
Арыбаңыздар, мекендештер. Бүгүн күнгө шаршемби.

Өлкөдө күн кайрадан ысый баштады, бүгүн борбор калаа Бишкекте абанын температурасы 32, ал эми Ошто 34 градуска жетет. Андыктан, көлгө даярдык көрө баштасак болчудай. 

Аман-эсен болушса экен. Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунун чет жакка учуу терминалындагы куралдуу кол салуудан кийин 36 киши каза болуп, 150гө жакыны түрдүү жаракаттарды алды. Кыргызстандыктар бул өлкөгө ат тезегин кургатпай каттагандыктан, алардын аман-эсендигин тилеп отурабыз. Тышкы иштер министрлиги кырсыкка кыргызстандыктардын кабылган, кабылбагандыгын тактап жатат. 

Манастын айкелин Индиянын Дели шаарында орнотуу демилгеси көтөрүлүп жатыптыр. Албетте, бул жакшы кабар. 

Арыбаган дулдул Юлия Андреева биздин намысты Риодо коргойт. Sputnik Кыргызстан Рио олимпиадасында Кыргызстандын намысын талаша турган 17 спортчу менен четинен тааныштырууну чечти. Биринчилерден болуп лицензия алган жөө күлүк Юлия Андрееванын тарых-таржымакалын бул жерден окуйбуз. 

Төшөккө катылган героин. Кыргызстандан Екатеринбургга жөнөтүлгөн төшөнчүлөрдүн арасынан 17 килограмм героин табылды. Аны ташып барууга шектелип жаткан 33 жаштагы кыргыз жаранын өмүр бою эркинен ажыратуу каралууда. Эми ал тартип сактоочулардын капканынан оңой менен кутулбай калды окшойт. 

450 сомдон баштап 65 миң сомду чапчыган эс алуу. Быйыл жайында көлгө чумкуп, ысык кумда жатып эс алуунун баасы канча экендигин билгиңиз келеби? Кан басымды көтөргөн баалар… бирок арасынан чөнтөккө чак келгенин издештирип көрсөңүз болот. 

Аян деген эмне, аны алган киши кандай болот? Бул туурасында аян алган азыркынын чыгаан манасчыларынын бири Дөөлөт Сыдыков айтып берди

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын креслосун ээлеген эркектер кимдер? Карап көрсөк, мандатын тапшырып кеткен кыз-келиндердин ордуна аялдар эмес, жалаң мырзалар келиптир. 

Кош бойлуу Айзат жана анын трагедиясы. Бул киши алсыз күчүктү сактап калам деп сууга секиргенде, аялы жесир, балдары жетим каларын билди бекен? Азыр келинчеги Айзат ай-күнүнө жетип, төрөп калсам дагы бир 2-3 айга акча топтоп алышым керек деп сызылып турган чагы. Айзат ыйласа, жүрөгүң ооруйт. 

Кыргызстанда орозо айт – 5-июль. Ары чоюп, бери чоюп жатып айттын да күнү такталды окшойт. 5-июнь эс алуу күнү деп Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады. 

Кыргызстандагы миллиондук тамгалар. Кадимки эле бир нече тамга тендер ишинде миллиондорду алып келери айтылууда. Маселен, латын ариби. Болгону кириллицадагы ариптерди алмаштырып коюш керек экен. 

Ааламда. Кетпечи, Месси, кетпечи?.. Атактуу футболчу Лионель Месси Америка кубогу үчүн ат салышкан Аргентинаны жеңиш менен камсыздай албай калганы үчүн көз жашын төгүп, командадан чыгарын айткан. Мессинин мындай кадамын уккан өлкө президенти менен атактуу футболчу Марадона анын кетпешин суранды

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.49 (сатып алуу) жана 67.62 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 38 сом, Аи-92 андан 3 сомго арзан, тагыраагы 35, ал эми дизель майы 30,5 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Кайгырганга кайрылган жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0