Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Атамбаев, Акаевдин биз көрө элек жүздөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жашоочулары фонтандын алдында. Архив
Бишкектин жашоочулары фонтандын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амансызбы, бурадар. Бүгүн күнгө шаршемби. Кечээки күндү бир эстеп, жаманына муңайып, жакшысына кубанып, бүгүнкү күнгө аттандык.

Бүгүн да бизди жайдын аптабы кыйнабай турган болду. Өлкө боюнча этек-жеңди учурган шамал болуп, өткүн жамгырга айланат деп билдиришти синоптиктер. Жолго чыксаңыз, жеңил-желпи кийинип, чыйрыгып калбаңыз…

Маймылга салыштырбагыла! Жол демекчи, Таласка жолуңуз түшүп калса, таксилерин зуулдата айдаган Гүлнара жана Үрүл аттуу айымдардын "шумахерлигин" бир көрө келиңиз. Эркектер рулда отурган кыз-келиндерге "колуна жардыргыч кармап алган маймылга салыштырып, сыртын салып" карашат дептир алардын бири. Андай эместигине ишенип келесиз. 

Ичимдик сатылбаган айылдар. Депутаттардын мыйзам долбоору токула электе, эч кандай документи жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен ичимдик сатууга тыюу салынган кыргыз айылдары жөнүндө биздин сайттан окуңуз. Ал тургай тизмени сиз да улантсаңыз болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан саясатчыларынын Prisma аркылуу түшкөн бейнеси
Фото экс-премьер-министра КР Темира Сариева обработанное приложением Prisma - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан саясатчыларынын Prisma аркылуу түшкөн бейнеси

Акаев, Атамбаев, Бакиевдин биз көрө элек жүздөрү. Ар кандай… бири биз күткөндөй, экинчиси таптакыр башкача, айтор, кайдыгер калтырбайт. Жаңыдан тараган программанын торуна түшкөн Кыргызстандагы саясатчылардын бейнесин көргүңүз келеби? Анда бул жакка баш багыңыз.

Ааламда. Сактансаң, сактайм. Казакстанда аймактык ооруканага күйдүргү дартына шектелип жаткырылган беш кишинин экөө каза болуп калды. Аларга оору мал сойгондо жуккандыгы айтылууда. Бүгүн казак премьери Карим Масимов оору сегиз кишиге жуккандыгын тастыктады. Ишигылып, абайлайлы. 

И, баса, оозунан жаңылган казак министри, баурыбыз боюнча Казакстан үн катыптыр. Кыргызстандын жиберген нотасына алардын тышкы иштер министри "Кыргызстан менен Казакстан абалды жөнгө салганын" айтыптыр. Баурларга не демекчибиз, айтарыбыз, кыргыз казак бир тууган. 

Жан дүйнөдө. Көңүлгө жылуулук издесеңиз… биздин колумнист Абдыкерим Муратов бир сүрөткө таасирленип залкарлар Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева туурасында жазгандарын окуп койсоңуз болот

Чемпион дүйнө салды. Кыргызстан эл аралык аренада намыска жарап жүргөн уулдарынын биринен айрылды. Аралаш мушташ боюнча Азия чемпиону Мирбек Абдыкадыров каза болуп, кечээ жерге берилди. Өкүнүчтүү…

Үмүт жараткан биздин кыздар. АКШда өткөн Эл аралык олимпиадада жалаң кыздар алтын, күмүш баштаган сегиз медаль утуп келишти. Азаматтар. Айтмакчы, алар "Себат" билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.35 (сатып алуу) жана 67.50 (сатуу) сомду түздү. 

Соңку сөз ордуна. Билеги күчүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0