Канчадан? 3-февралдан 10-февралга чейинки азык-түлүктүн баасы

Жазылуу
Бишкек жана Талас шаарларында азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз.

Фундук жаңгак түркүмүнө кирет, аны сыртынан катуу кабык каптап турат. Фундук кондитер тармагында көп колдонулат. Мындан сырткары, андан май дагы алынат.

Фундуктун калориялуулугу нандан 2-3 эсе, сүттөн 8 эсе кубаттуу келет. Анын курамында В1, В2, С, Е витаминдери бар жана калий, темир, фосфор, кальций сыяктуу пайдалуу минералдык заттарга бай. Ал ден соолукка абдан пайдалуу, организмди муун ооруларынан жакшы сактайт.

Фундуктун бир килограммын базардан 850 сомдон сатып алууга болот.

Башка азык-түлүктүн баасы канчадан сатылып жатканын инфографикадан караңыз.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0