Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул аптада Оштун базарларына баам салып көрдүк.

Сөз кыла турган инжир өлкөнүн түштүк аймагында өсөт. Даамын татып көрбөгөндөргө бул мөмө тууралуу айтып берүүгө аракет кылабыз. Ал таттуу келип, ичиндеги данегин чаксаң кыртылдап турат.

Бул мөмөнүн килограммы 500 сом турат. Салыштыруу үчүн айтсак, бул акчага 100 килограмм дарбыз сатып алууга болот. Бирок инжирдин даамын татып көрүү үчүн мынча суммадагы акчага ичти оорутпай деле койсо болот.

Базарда уйдун эти кымбаттап, бензин арзандады. Мындан тышкары, помидордун да баасынын төмөндөгөнүн байкоого болот. Супермаркеттерде сатылган парник помидорлорунун да баасы түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0