Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Баткен шаарындагы базар баасына көз салдык.

Ак төөнүн карды жарылган убак келип, береке төгүлүп турган чак. Бул жолу анардын баасы канчадан экенин билдик. Орточо бир анардын ичинде 500дөй даны болорун эсептеп чыктык. Башкача айтканда 1 сомго анардын 10 даны келет. Учурда бир даана анардын баасы орто эсеп менен 50 сомго бааланууда.

Бул жемиштин пайдалуу жактары көп. Мисалы, ал жугуштуу ооруларга кабылгандан кийин организмди калыбына келтирүүгө жакшы жардам берет.

Кыргызстандын башка аймактарында азык-түлүктүн баасы канчадан болуп жатканын Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан караңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0