Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул жолу Каракол шаарындагы базар баасына көз салдык.

Курутту кимдер гана жакшы көрбөйт. Ал оозго салып алып шимип жүргөнгө жакшы. Курут табигый таза азыктан жасалгандыктан, абдан аш болумдуу.

Курутту көбүнчө айыл жеринде жасашат. Аны жасоонун жолу опоңой. Сүттү айран кылып уютат, уюган айранды баштыкка куюп сарыктырып сүзмө кылат. Даяр болгон сүзмөгө чөбөгө, май кошуп кайнатып түрдүү формада чийге жайып кургатат. Айрым учурда кайнатпай кургатылат. Ошондой эле, өлкөнүн түштүк аймактарында сүзмөгө кызыл калемпир кошуп да курут жасашат. 

Учурда бир килограмм куруттун баасы Бишкектин базарларында 200 сомдон сатылууда. 

Бул жумада картошка жана күрүчтүн кымбаттаганы байкалды. Башка азык-түлүктүн бааларын Sputnik агенттиги даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0