Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарындагы жана супермаркеттеринде азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул аптада Токмок шаарынын базарындагы бааларга да көз салдык.

Бишкектин базарында жашылчалардын ичинен помидор менен бадыраңдын баасы арзандап жатат. Учурда помидор 100 сом, бадыраң 60 сомдон сатылып жатат.

Жаздын келиши менен базарларга чамгырлар да чыгып баштады. Бул жашылчада витаминдер көп. Чамгырдын баасы Бишкектин базарларында 90 сомдон, супермаркеттерде 120 сомдон сатылууда. Ал эми Токмок шаарында 120 сомго алса болот. Анын бир боосу (4-5 даана) 32 сом. Чамгыр менен жасалган салаттын баасы канча болорун Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0