Канчадан?

Жазылуу
28-февралдан 6-мартка чейинки баалар менен таанышыңыздар.

Жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги баалардын өзгөрүшүн бул жактан карасаңыз болот. Бул жумада биздин кабарчылар Жалал-Абад шаарынын базарындагы бааларга көз салышты.

Аял затын кирип келген Эл аралык майрамы менен куттуктайбыз. Жаздын алгачкы күнүн жоогазын гүлү жок элестетүү кыйын. Бул жумада биз жоогазын гүлүнүн баасын билдик. Бир жоогазын гүлүнүн баасы тооктун эки бутунун баасына, же 20 даана жумурткага барабар экен.

Сүйүктүү айымын жаздын символу болгон жоогазын гүлү менен куттуктап сүйүнтөм деген мырзалар бул гүлдү шаардын гүл дүкөндөрүнөн 100-150 сомдон сатып алышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0