Кесиби боюнча журналист. Буга чейин Эл аралык "Ата Түрк Алатоо" университетинде жана бир катар маалымат каражаттарында иштеген. 2016-жылдан баштап Sputnik Кыргызстан агенттигинде эмгектенип келет
Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди. Учурда Талды-Суу айылындагы 1,5 гектар жерге 11 үй курулуп бүткөрүлдү.
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.
Баткен окуясы Руслан Абдулганиевди III топтогу майыпка айланткан. Азыр 40 жашта. Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган эски тамда энеси экөө жашайт.
Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну Жыпаргүл Нарматова учурда өзүнүн ден соолугунан да кызынын басып кеткенин маанилүү деп билет. Кичинекей Касиетке биринин артынан бири боло берип, баш-аягы сегиз операция жасалган.
8-апрелден бери Кыргызстанда мектеп окуучулары дистанттык түрдө окуп жатат. Ал арада жашы өткөн мугалимдердин онлайн сабак өтүүдө кыйынчылыкка тушугуп жатканы маалым болду.
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.
Милиция эшектер багылган коргондун ээси Ош шаардык сотунун мурдагы судьясы Рамазан Кожомкуловго таандык экенин билдирди. Андан кыргызстандык жана кытайлык ишкердин "Береке Майнинг" компаниясы ижарага алган. Бирок жергиликтүүлөр эшектин багылышына каршы чыгууда.
Жалгыз уулунан ажыраган эне кырсыкка күнөөлүүлөр жазасын албай жүргөнүнө ызаланууда. Ал тергөө менен алектенген органдардын ишине ичи чыкпай отурат.
Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо мектебинин физика мугалими Кубанычбек Тажиков үн менен термелүүчү бешиктин макетин жасады. Эгерде үнсүз иштеген мотор жана башка тетиктери табылса, анда чыныгы бешикти жасап чыгарууну пландап жатат.
Базар-Коргон районунун жашоочусу 27 жаштагы Билал Сражидин уулу өз үйүндө чакан цех ачкан. Азыр эки киши иштесе, келечекте төрт адамды жумуш менен камсыздоо планы бар.
2019-жылы 10 ай ичинде көмүр шахталарда 9 адам каза болуп, бир канча адам жаракат алган. Акыркы трагедия мындан бир нече күн мурда болду.
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылынын жашоочусу 34 жаштагы Медетбек Абжапаровго айылдаштары "Путин аке" деп кайрылышат. Анын өз аты ким экендигин да унутуп коюшкан.
Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылынын тургуну Жаркынай Абдураимова майып. Өзү эле эмес, жолдошу, эки баласынын дагы майыптыгы бар. Жакында эле бул бүлөнү милициянын пенсияга чыккан майору, учурда ишкерлик менен алектенген Толкун Турдукулов үйлүү кылды.
Уулу дайынсыз жоголуп, жолдошу жүрөк оорудан каза болгон соң 54 жаштагы Айтолкун Ажибекова күйүткө батып, экинчи топтогу майыпка айланган. Анысы аз келгенсип, банктан алган насыясын төлөй албай үйүн да алдырып жиберген.
Беш кыз, бир уулду эрезеге жеткирген Любовь Исакованы айылдаштары "орус келин" деп аташчу. Азыр ал 17 небере, 4 чөбөрөлүү болуп, балпайган байбиче болуп отурган кези.