Нуржигит Кадырбеков Кара-Кулжа районунда туулган. ОшМУну кызыл диплом менен бүтүргөн. Андан сырткары АКШда, Японияда билим алган. Тышкы иштер министрлигинде, президенттин катчылыгында, президенттин аппаратында иштеген. Учурда "Ыйман" фондусун жетектейт. Чыгармачылыкты кошо ала жүрөт, кара сөз жана ыр жазат. Публицистика сүйүктүү жанры.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков денеге жуккан кирди суу менен жууса кетерин, бирок дилдеги, көңүлдөгү булганычты тазалоо огеле кыйын экенин эске салды.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков өзгө элдин аки-чүкүсүнө чейин билсек да, өзүбүздү унутуп бараткансыйбыз дейт. Ал мындай жагдайга интернеттин жайылышы менен аң-сезимди улам көбүрөөк ээлеп бараткан батыш-чыгыш баалуулуктарынын үстөм абалы себеп экени белгиледи.
Максат коюуну жана ага жетүүнү самолеттон, поездден, же рейстеги автобустан үйрөнсө болот. Кайда барары, качан жылары, нече адамды сыйдырары, канча күйүүчү май керектээри, айтор, баары эсептелген дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.
Жакында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков чет элди байырлап жашап калган мигрант мекендештерибиз менен жолугушту. Президентти тегеректеп түшкөн сүрөттө жылмайганы менен алардын ар биринин кызыктуу да, аянычтуу да, сырдуу да, өрнөктүү да тагдыры бар.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков туулган күнү тууралуу жазды. Автор мындай сезимге биринчи жолу туш болгонун белгилеген.
Эркиме койсо, мамлекеттик наамдардын көбүн жокко чыгармакмын дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков. Мунун себебин төмөндөгү ой толгоосунда кенен түшүндүрүп берди.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков дагы бир ирет адамдын жан дүйнөсүн байытып, аруулай турган нерсеге кайрылыптыр. Адамзат жер бетинде жашап турганда баалуулугун, таасирин жоготпойт дейт.
Бул ирет колумнист Нуржигит Кадырбеков аманат сырды жашыруу, сактоо улуу өнөр экенин түшүндүрүп берди.
Тил — бирөө, кулак — экөө. Бул - азыраак сүйлөп, көбүрөөк ук деген ишара. Акылды байытып, илимди өстүрүп, абийирди сактоонун сыры, балким, ушундадыр дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанды кыдырып жүрүп жагымсыз көрүнүшкө туш болгонун жазды. Көпчүлүк кайдыгер калбай турган маселени окурман журчулугуна сунуштап турган чагыбыз.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков кыргыз театрларында коюлуп жаткан спектаклдерге, музейлердеги көргөзмөлөргө же китепканалардагы окурмандардын агымына үстүртөн гана саресеп салып, элдин профессионалдык искусствого карата мамилеси өтө эле солгун, кош көңүл экенин айтып, абалдан чыгуунун жолун сунуштады.
Бу сапар Нуржигит Кадырбеков кичинекей мисал менен китеп окуунун баалуулугун жана ага кызыктыруунун жолун айтып берди.
Адамдын баары эле алтын, күмүш, жакут издей бербейт. Бирок бакытты, жакшы маанайды издебеген, эңсебеген адам жок. Жакшы маанай — бул каалгаңды каккылап өзү кайрылгыдай кудайы конок эмес. Аны атайын чакыруу керек. Келгенден соң кетирбей алып калуу үчүн аздектеп асыраңыз, ага кызыктуу болуңуз.
Колумнист маданият, адеп жана ынтымак саламдан башталат дейт. Ал саламсыз маданиятты башаты соолуган дарыяга салыштырган.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков ата-бабалардын убагында интернет болбогонуна чексиз шүгүр дейт. Миллиондогон саптан турган "Манас" эпосу баш болгон "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Курманбек", "Жаңыл Мырза", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш" дастандары акыл менен жан дүйнөдөн сыртка сүрүлүп, бизге жетпей калса, акыбалыбыз кантмек деп суроо салды.