Назарбаевдин Nur Otan лидерлигин Токаевге берери айтылды

© AFP / STANISLAV FILIPPOVКазакстан жетекчиси Касым-Жомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстан жетекчиси Касым-Жомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин кеңири курамда өткөн жыйынында белгилүү болгон.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Казакстан жетекчиси Касым-Жомарт Токаев экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ордуна Nur Otan партиясына төрага болот. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин кеңири курамда өткөн жыйынында белгилүү болгон.
"Жыйындын жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев Nur Otan партиясынын төрагалык укугун мамлекеттин башчысына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды", — деп билдирген Елбасынын маалымат катчысы Айдос Укибай.
Ал эми толугу менен расмий өткөрүп берүү иши партиянын уставына жараша болорун кошумчалаган.
Кыргызстан жана Казакстан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Нурсултан Назарбаев кыргыздардан эмне белек алганын айтты
Nur Otan — Казакстандагы ири партиялардын бири, 1999-жылы түптөлгөн. Аны көп жыл бою Нурсултан Назарбаев жетектеп келет. Саясий бирикменин сайтында Nur Otan саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү башкы демилгечи катары белгиленген.
Эске салсак, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткендигин 2019-жылдын 19-мартында жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0