Казакстанда жалгыз бой ата-энелерге аралыктан иштөөгө уруксат берүү каралууда

© Фото / Pexels / Ketut SubiyantoУдаленная работа из дома
Удаленная работа из дома - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы баланы жалгыз тарбиялагандарга жумушту алып кетүү кыйын экенин, аларга шарт каралышы керектигин айткан.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстанда мыйзам жүзүндө балдары 18ге чыга элек жалгыз бой ата-энелерге аралыктан иштөөгө уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири эне менен баланы колдоо болуп саналат.
"Аялдар эркектерге караганда жумуш менен бала кароону бирге алып кетүүгө аргасыз. Эмгек өргүүгө чыккан эне кесиптик жөндөмүн жана компетенттүүлүгүн жоготот. Натыйжада аялдар эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере албайт", — деген Токаев.
Ал жалгыз бой ата-энелер эки эсе түйшүк тартарын, аларга өзгөчө эмгек шартын түзүп берүү керектигин айткан.
Туткунда электрондук билерик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Казакстанда абактан чыккан педофилдерге электрондук билерик тагылат
"Мыйзам жүзүндө баланы жалгыз тарбиялагандарга аралыктан иштөө форматын жана кыска режимде эмгектенүүсүн кароо керек. Өнүккөн өлкөлөрдөгү ири компаниялар кеңселеринде балдар бөлмөсүн ачып коюшкан. Мындай практика бизде дагы көнүмүш болушу керек. Бул үчүн кызматкерлердин кызыкчылыктарын эске алуу менен эмгек режимин жөнгө салуунун эффективдүү механизмдерин киргизүү зарыл. Ошол эле учурда иш процессине тоскоолдук жаралбашы керек", — деген президент.
Казакстанда аралыктан иштөө мыйзам деңгээлинде бекитилген эмес.
Кыргызстанда дагы расмий түрдө дистанттык түрдө иш алып баруу демилгеси көтөрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0