Казакстанга кирүүнүн шарттары жеңилдеди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Олуттуу себептер менен бара жаткан жарандарды мурдагыдай ата-энеси, мыйзамдуу түгөйү жана балдары гана эмес, асырап алгандар, асырап алынгандар, чоң ата, чоң эне (таята, таене), небере, аталаш жана энелеш бир туугандары коштоп бара алат.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жеңилдетилди. Бул тууралуу Чек ара кызматына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Жаңы эрежелерге ылайык, Казакстанга олуттуу себептер менен бара жаткан жарандарды мурдагыдай ата-энеси, мыйзамдуу түгөйү жана балдары гана эмес, асырап алгандар, асырап алынгандар, чоң ата, чоң эне (таята, таене), небере, аталаш жана энелеш бир туугандары коштоп бара алат. Эгер тиешелүү документтери болсо, алар түгөйүн жана жашы жете элек балдарын дагы алып алууга укуктуу.
Ал эми мөөнөтү тууралуу айтсак, коңшу өлкөгө чет элдиктер мурдагыдай эле 30 күн аралыгында бир жолу кирип-чыга алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0