Азия өлкөлөрү Афганистанга биргеликте гуманитардык жардам берүүнү көздөөдө

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКабул шаарынын тургундары. Архив
Кабул шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 11-12-октябрь күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында чогулуп, Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция 11-12-октябрь күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында чогулуп, Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин карашат. Жыйында уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышарын Өзбекстан ТИМинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжановго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Иш-чарада региондогу коопсуздук жана мындан аркы экономикалык кызматташтык негизги маселе катары каралмакчы.
"Мындан тышкары, афган элинин гуманитардык кризиске кабылышын алдын алуу үчүн жардам берүү боюнча сөз болот", — деп жазылат кабарда.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциясы — Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия сыяктуу 27 өлкө мүчөлүк кылган бирикме. 1992-жылы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн. Негизги максаты — Азияда коопсуздукту камсыздоо үчүн чечимдерди кабыл алуу жана диалогго барууга шарттарды түзүү.
Кабул шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Талибдердин бийликке келиши менен Афганистандагы ЖМКлардын 70%ы ишин токтотту
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Атап айтканда, сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
Ал эми октябрь айынын башында Россия талибдерди Афганистан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм
 
Жаңылыктар түрмөгү
0