Нур-Султанда соода борбору өрттөнүп, кыз 3-кабаттан секирди. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВ Донецке произошел пожар во дворце спорта "Дружба"
В Донецке произошел пожар во дворце спорта Дружба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Эмерек салонунда иштеген кыз Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени айтылды. Соода борборунда чыккан өрттү өчүрүү бир нече саатка созулган.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Нур-Султан шаарындагы "Астыкжан" соода борборунда өрт чыгып, кырсыктан сактанууга аракет кылган кыз имараттын үчүнчү кабатынан секирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Билдирмеге караганда, 20 жаштагы кыз эмерек салонунда иштейт.
"Азыркы тапта жабыркаган адам Тез жардам кызматы менен ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.
"Астыкжан" соода борборундагы өрттү бир нече сааттан бери өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды. 
Өрт бүгүн, 2-октябрда, соода борбордун үчүнчү кабатынан чыккан. Жеринде 76 өрт өчүрүү кызматы иштеп, ага 19 атайын техника тартылган.
Ал арада бутик ээлери күйүп жаткан имараттан эмерек, буюмдарын ташып чыгууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0