Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты

© AP Photo / Gulabuddin AmiriТалибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Валдай" клубунун адиси, саясат таануучу Фархад Ибрагимов афган окуясынан кийин Борбордук Азиядагы абал жана Ташкенттин бул өлкөнүн жаңы бийлигине мамилесин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

Саясат таануучунун айтымында, бул Ташкент менен ШКУ "Талибан"* кыймылы менен диалогго барууга даяр болуп калганын түшүндүрөт.

"Муну талибдер белги катары кабыл алса болот. Демек, башкалар аларды укканга даяр, болгону Афганистандын жаңы бийлиги жооп бериши керек. Алар макулдугун берсе ШКУ тараптан диалог үчүн аянтча түзүлөт. Тараптар ымга келе албаган күндө дагы бири-биринин пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот", — деди адис.

Ошондой эле ал аймакта ар бир өлкөнүн Афганистанга жана талибдерге карата өз түшүнүгү бар экенин кошумчалады.

"Иран менен Тажикстан Афганистанда инклюзивдик (коомдо ар бир адамга тең укук берген) өкмөттүн түзүлбөй жатканына нааразы болууда. Ал эми Өзбекстан эгер талибдер "кызыл сызыктан" өтпөй турган болсо, жаңы Кабул менен иштешүүгө даяр", — деди ал.

Дыйкандар апийимдин үрөнүн Кандагар (Афганистан) талаасында жыйнап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Талибдер Россиянын жардамына үмүт артып турат. Чоо-жайы
2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

Ал эми өтүп бара жаткан аптада Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга гуманитардык жардам жеткирип барып, талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрүп келген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0