Талибдер Тажикстанга чектеш афгандык Тахар аймагына миңдеген согушкер жиберди

© REUTERS / WANA NEWS AGENCYЗахват власти талибами в Афганистане
Захват власти талибами в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Талибан өкүлүнүн маалыматына ылайык, мындай чара коопсуздукка келтирилген коркунучту жок кылууга багытталат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Талибдер* Афганистандын Тажикстан менен чектешкен Тахар провинциясына атайын даярдыктагы миңдеген согушкерин жибергенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ислам эмиратынын (талибдер өздөрүнүн саясий системасын ушундай атап алышкан) ондогон атайын аскер бөлүктөрү Тахарга жиберилди..., он миңдеген атайын аскерлер жөнөтүлдү", — деп жазган кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид өзүнүн Twitter баракчасына.

Дыйкандар апийимдин үрөнүн Кандагар (Афганистан) талаасында жыйнап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Талибдер Россиянын жардамына үмүт артып турат. Чоо-жайы
​Анын айтымына караганда, мындай чара коопсуздукка жаралган коркунучту жок кылууга багытталат.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

*КРде жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0