Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду

© Sputnik / Анатолий Медведь / Медиабанкка өтүүЗапуск новых производственных линий завода Coca-Cola в Санкт-Петербурге
Запуск новых производственных линий завода Coca-Cola в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
22 жаштагы киши муздак суусундукту ичкенден алты сааттан кийин Пекиндеги ооруканага кайрылып, ичи катуу ооруп жана көөп жатканын айткан.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кытайдын жашоочусу бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичип, эртеси каза болуп калган. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

22 жаштагы бала муздак суусундукту ичкенден алты сааттан кийин Пекиндеги ооруканага кайрылып, ичи катуу ооруп жана көөп жатканын айткан.

Дарыгерлер аны текшерип, боор оорусун жана пневматозду, тагыраагы, ашказандын кырларында газга толгон шишиктер пайда болгонун аныкташкан. Ошондой эле жүрөгү бат-баттан согуп, дем алуусу да ылдамдап, кан басымы төмөндөп кеткени байкалган.

Чипсы жеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2020
8 жыл бою чипсы жеп чоңойгон кызды гипноз менен башка тамактарга көндүрүштү
12 сааттан кийин анализ эркек кишинин боору катуу жабыркаганын көрсөткөн. Бир аздан кийин абалы начарлап, ооруканага кайрылгандан 18 сааттан кийин көз жумган.

Кытайлык дарыгерлер бейтап коланы ашыкча ичкендиктен организминде көмүр кычкыл газы топтолуп калганын айтышты. Бул боорго кычкылтекти жеткирбей, өлүмгө кептеген. Медиктер кошумчалагандай, ичеги-карындагы газ боор менен бириккен тамыр аркылуу кирип кеткен.

Ал эми лондондук университеттин колледжинин биохимиги Натан Дэвистин айтымында, жигиттин өлүмүнө суусундук эле таасир этти деп айтууга болбойт. Себеби организмде газдардын топтолушуна алып келген бактериялык инфекция дагы болушу мүмкүн. Ал газдалган суусундуктарды ичүү өтө зыян эмес экенин, анын кесепетин узак мөөнөттө гана байкоого боло турганын түшүндүрдү. Дэвис кола тишти бузуп, сөөккө минералдардын сиңишин начарлатышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0