Си Цзиньпин: Кытай ШКУ өлкөлөрүнө жакырчылыктан чыгуу жолдорун көрсөтүүгө даяр

© AFP / NOEL CELISПредседатель КНР Си Цзиньпин
Председатель КНР Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыкты жеңгенин жар салган. Эми Кытай бул тажрыйбаны башкалар менен бөлүшүүнү көздөп жатат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кытай Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жарандарына жакырчылык менен күрөшүү боюнча билим алуу үчүн 1 000 квота берет. Бул тууралуу өлкө башчысы Си Цзиньпин Душанбе шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде айтканын РИА Новости жазды.

"Алдыдагы үч жыл ичинде Кытай ШКУга мүчө мамлекеттерге 1 000 квота берүүгө даяр. Ага илинген балдар жакырчылыктан чыгуунун жолун издеген кесиптер боюнча билим алат", — деп айтылат кабарда.

Визит президента КР Садыра Жапарова в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр
Ушул жылдын 25-февралында Си Цзиньпин кытай эли толугу менен жакырчылыкты жеңгенин жар салган. Акыркы сегиз жыл ичинде коңшу өлкөдө 100 миллиондой адам итке минген абалдан чыгарылган. Мунун аркасы менен Кытай БУУнун жашоону жакшыртуу программасына ылайык алдыга коюлган максатка жеткен.

ШКУ — 2021-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Ага Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0