Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды

© REUTERS / WANA (West Asia News Agency)Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами
Ситуация в Афганистане после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Жыйындын соңунда уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Душанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады. 

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүДушанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Душанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду

Жыйынга тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

"Жамааттык коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды да эске алып, биргелешип реакция кылуу чараларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

2021-2022-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Арменияга өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0