Казакстан чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциалдык тармактардын тиркемелери. Архив
Социалдык тармактардын тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик социалдык желелер менен мессенжерлер Казакстанда филиалдарын ачып, мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл жана аны өлкөнүн жараны жетектеши керек.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Казакстанда депутаттар балдардын укуктарын коргоо боюнча өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдын алкагында чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Документте өзгөртүүлөр балдардын турак-жайга болгон укугун камсыздоого, үй-бүлөлүк мамилеге кызыкчылыктарын коргоого жана соцтармактагы укуктарга каршы келген контенттерден оолак кылууга багытталган.

Ага ылайык, чет элдик социалдык желелер менен мессенжерлер Казакстанда филиалдарын ачып, мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Ошол эле учурда филиалдын жетекчиси Казакстандын жараны болууга тийиш.

TikTok тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Өзбекстан TikTok баштаган социалдык тармактардын ишине чектөө койду
Эгер мыйзам күчүнө киргенден кийин соцтармактар каттоодон өтпөсө, ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилет.

Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин вице-министри Кемелбек Ойшыбаев депутаттардын сунушун колдой турганын билдирген.

Ошондой эле өлкөдө балдарды кодулагандарга карата административдик чара колдонуу сунушталган. Депутаттар окуучулардын 12 пайызы күн сайын интернеттен терс маалыматтарга туш болорун белгилеген.

Жыйынга катышкан Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чындалиев бул сунушту колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0