Казакстанда динге берилбегендердин укугун коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүГород Нур-Султан, Казахстан. Архивное фото
Город Нур-Султан, Казахстан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Диний иштер боюнча комитеттин төрагасы Ержан Нукежанов Казакстан светтик мамлекет экенин эске салып, өлкөдө бардык жарандардын укугу бирдей корголушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Казакстанда динге байланыштуу мыйзамга динге берилбеген жарандардын укугун коргоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Диний иштер боюнча комитетинин төрагасы Ержан Нукежановго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал Казакстан светтик мамлекет экенин эске салып, өлкөдө бардык жарандардын укугу бирдей корголушу керектигин билдирди.

"Биз динчил адамдар сыяктуу эле динге берилбеген адамдардын дагы укугун коргошубуз керек. Ошол себептүү буга чейинки мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен бирге "динге берилбегендердин укугу" деген түшүнүктү киргизүүнү көздөп жатабыз. Өзгөртүүлөрдү дүйнөлүк практикага ылайык кабыл алабыз", — деди комитет төрагасы.

Бирок Нукежанов ал кандай өзгөртүүлөр экенин жана документ качан кабыл алынарын так айткан жок.

Sputnik Казакстан агенттигинин маалыматына караганда, 2019-жылы казакстандыктардын 18,8 пайызы динден алыс адамдар экени белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0